Дүйнө
3 мүнөт окуу
Кенияда кериктерди коргоо үчүн жасалма интеллект
Браконьерликтин алдын алуу үчүн Кениядагы коргоо аянттарында жасалма интеллект тарабынан колдоого алынган жылуулук камералары колдонулууда.
Кенияда кериктерди коргоо үчүн жасалма интеллект
Gergedan
7 საათის წინ

Кериктердин салмагы 3500 кг чейин жеткен соот сымал терилери бар, салмагына карабастан саатына 54 кмден ашкан ылдамдыкта чуркай тургандай шамдагай жана күчтүү жаныбарлар.  

Өлчөм менен ылдамдыктын кош таасири 3,5 тоннадан ашкан күчкө айланат, бул жогорку ылдамдыктагы автокырсыктын таасирине барабар.

Жапайы жаратылыш иерархиясында кериктер арстандардан он эсе күчтүү деп эсептелет. Анда таң калыштуу ДНКсы бар бул түрдү, корголгон чөйрөлөрдө браконьерчиликке эң алсыз түрлөрдүн бири кылган эмне?

Керик мүйүзү жапайы жаныбарлардын мыйзамсыз рыногунда чоң киреше алып келгени үчүн жана уюшкан браконьерлик тармактар ​​бул кереметтүү жаныбарларга жетүү үчүн коргоо чараларын кыйгап өтүүгө адистешүүдө.

Кениядагы керик популяциясынын 30% жашаган жеке жапайы жаратылыш коругунда браконьерликке каршы күрөш азыр технологиянын эң жаңы жана ар тараптуу куралы болгон жасалма интеллект менен жүргүзүлүүдө.

Жок болуп бара жаткан кара кериктерди коргоо үчүн WWF, Кениянын бийик капталдары менен Абердаре тоо кыркаларынын чокуларынын ортосундагы өрөөндө жайгашкан Солиого жасалма интеллект колдоого алган Forward Looking Infrared (FLIR) жылуулук камераларын орнотту.

Бул аппараттар браконьерлердин чабуулуна алсыз деп эсептелген 49 000 акр коруктун тосмо линиясынын бир бөлүгүнө жайгаштырылды.

FLIR жылуулук камералары объекттерден чыккан инфракызыл нурланууну аныктап, аны сүрөткө айлантат.

Мунун негизинде камералар; караңгы, түтүн, туман жана жыш өсүмдүктөр сыяктуу ар кандай экологиялык шарттарда температуранын айырмасын көрө алат.

WWF-Кениянын Аткаруу кеңешинин төрагасы Мохамед Авер, "Бул технология Кениядагы кериктерди коргоо сыяктуу маанилүү тапшырманы аткарып жаткан сакчылардын натыйжалуулугун жогорулатат" дейт.

Сакчылардын саны жетишсиз

WWFтун жапайы жаратылыш программасынын вице-президенти жана Жапайы жаратылыш технологияларынын инновациялар лабораториясынын директору Колби Локстин айтымында, дүйнө жүзү боюнча сакчылардын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири - алардын санынын жетишсиздиги.

"Бул технологиянын негизинде бир нече километр аянтты суткасына 24 саат көзөмөлдөсө болот, бирок бизге дагы күзөтчүлөр керек" дейт ал.

Технологиянын да салымы менен катаал климаттык шарттарда жана тоңголок жерлерди кайтарууга аргасыз болгон күзөтчүлөрдүн жүгү бир топ азайды.

Лукс: "Биздин жылуулук камераларыбыздын бардыгында орнотулган жасалма интеллект бар жана алар жакын жерде адам же жаныбар бар-жогун айта алат. Анын негизинде сакчыларга эскертүүлөрдү жөнөтүшөт", - деди.

Солиодо эки башкаруу бөлмөсү орнотулган, анда сакчылар жумасына 7 күн, суткасына 24 саат камералардан түз тартылган кадрларды көзөмөлдөп турушат.

Солио коругунун аткаруучу директору Кевин Карр-Хартли, "FLIR камералары эффективдүүлүктү жогорулатуудан тышкары, күзөтчүлөрдүн өмүрүн сактоого да жардам берет, анткени аларга эмне менен алек боло тургандыгы жөнүндө так маалымат берүүдө" деди.

Берилгендик жана кайраттуулук

Кениянын жапайы жаратылышты коргоо боюнча башкы директору др. Эрустус Канга, коргоонун жамааттык аракетке көз каранды экенине ишенет.

"Акыркы алты жылда биз бул корукта бир да керик жогото элекпиз. Бул Солиодогу милдеттенме жөнүндө көп нерсени айтып турат" деди.

2023-жылдын аягында жасалма интеллектке негизделген көзөмөл системасы ишке киргенден бери коруктун тосмо сызыгында браконьерликке байланыштуу мыйзам бузуулар катталган эмес.

WWF-Кениядагы кериктер программасынын координатору Жеффри Чеге "Солио өлкөнүн үчүнчү керик коругу болуп саналат, ал жерде биз FLIR жылуулук камераларын орнотууну колдодук. Биринчиси 2016-жылы Накуру көлү улуттук паркы, андан кийин 2020-жылы Ол Пежета коругу болду", - деди.

Меру улуттук паркынын төртүнчү аянт болушу күтүлүүдө. Биринчи орнотуулар сегиз жыл мурун ишке ашырылгандан бери браконьерликке каршы күрөшкөн топтор кээ бир сабактарды алышты.

Эң маанилүү сабактардын бири FLIR камералары үч күндөн ашык иштеши үчүн электр энергиясын колдонуу оптималдаштырылышы керек болчу.    

Чеге ТРТ Африкага берген маалыматында: «Солиодогу FLIR камераларын иштетүү үчүн күн энергиясын колдонуудабыз», - деди.

Миссия ийгиликтүү жүрүп жатат

Жаратылышты коргоонун эл аралык союзу, чыгыш кара кериктерин жок бара жаткан түрлөрдүн катарына киргизет.

1983-жылы Кениянын Кара кериктерге карата аракеттенүү планы түзүлгөндө, 1000 керикти көбөйтүү мүмкүн эместей сезилген.

Чеге: "Чыгыш Африка өлкөсү 1980-жылдардын ортосунда кара кериктердин санын 400дөн эки эсеге көбөйтүп, бул мүмкүн эместикти укмуштуудай чындыкка айлантты" деди.

"Кениянын 2037-жылга карата 2000 кара керикке жетүү боюнча узак мөөнөттүү көз карашынын жарымына жеттик. 22-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк кериктердин күнүн белгилеп жатканда, бул жетишкендикти өлкөнүн жалпысындагы кериктерди сактоо топторуна арнайм"


Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us