Дүйнө
2 мүнөт окуу
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
Кол койгондордун арасында Жакынкы Чыгыштагы “жек көрүү, өлүм жана кыйроону” айыптаган Нобель сыйлыгынын лауреаты неврологдор да бар.
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
27. februar 2025

Испаниянын EFE маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, дүйнөнүн булуң-бурчунан  1000ден ашуун илимпоз негизинен психологдор жана неврологдор  Газада ок атышууну токтотууга чакырган жана эл аралык коомчулукту Израилге эл аралык гуманитардык мыйзамдарга сый көрсөтүүсү үчүн кысым жасоону  талап кылган ачык катка кол коюшту.

Кол койгондордун арасында Нобель сыйлыгынын лауреаттары Норвегиядан Мэй-Бритт Мозер жана Эдвард Мозер менен Япониядан Сусуму Тонегава да бар.

Кажал институтунун Нейро Жасалма Интеллект жана Робототехника тобунун мүчөсү Пабло Ланилос да болгон бир нече испаниялык изилдөөчү да катка кол койду.

Ланиллос EFE маалымат агенттигине :"Бул чакырык күчтүү, анткени ал нейробиологдордон келип жатат;  мээнин бул конфликттерди кантип кабылдап, кантип иштетээрин изилдеген адамдар", - деди.  Катта Хамастын 2023-жылдын 7-октябрында башталган кол салуулары, барымталардын кармалып турушу жана бир мурда башталган кагылышуулардан бери   Газада 48 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган Израилдин «сансыз согуштук кылмыштары» сыяктуу бардык тараптардын жасаган кылмыштарынын айыпталгандыгы айтылууда.

'Бардык элдер үчүн'

Илимпоздор  аймактын тынчтыкчыл чөйрөдө жанаша жашоо ыктымалын жок кылган, кыйратуучу зомбулук жана өч алуунун айлампасында калгандыгын, «жек көрүү, өлүм жана кыйратуунун» бардык жерди колго алгандыгын айтышууда.

EFEнин билдиргенине караганда катта адам психологиясынын бат баттан кагылышкан топтордун арасындагы айырмачылыктарды көбүртүп – жабырткан бирок ошол эле учурда дүйнөлүк бир эмпатия жана кызматташтык үчүн универсалдуу мүмкүнчүлүктү белгилегендиги айтылууда.  

Илимпоздор эл аралык коомчулукту согушту токтотуу үчүн Израилге кысым жасоого чакырды; буга курал сатууну токтотуу же кызматташуу келишимдерин кайрадан карап чыгуу да кирүүдө.

Катта : «Израиль калкына каршы эмеспиз. Биз, израилдик, палестиналык жана ливандык болсун бардык элдердин жанындабыз»,- деп айтылган.

Израилдин учурдагы саясаттарынын палестиналыктарга оңдоого болбой турган зыян алып келгендигин жана өз калкынын коопсуздугун коркунучка салгандыгын жакташууда.

Кат Франциядагы Сорбонна университетинин жана АКШнын Принстон университетинин изилдөөчүлөрү тарабынан демилгеленди.

 

 

 

Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us