Түркия
4 мүнөт окуу
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Союздаштарынын чектөөлөрү менен бетме  - бет келген Түркия ата мекендик технологияларды чыгарды жана эми куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар секторунда  глобалдык лидер болду.
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Түркия Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
18. Februar 2025

Глобалдык аскердик учкучсуз учуучу аппараты рыногунда  өзгөрүүлөр болууда. АКШ борбору болгон Жаңы Америка Коопсуздук Борборунун (Center for a New American Security - CNAS) жакынкы учурда жарыялаган бир отчетко караганда Түркия  жалпы дүйнөдө куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар менен учкучсуз учуучу аппараттарды жеткирүүдө эң чоң үлүшкө ээ өлкө катары алдыга чыкты. Бул жогорулоо АКШ жана Израиль сыяктуу мурдагы лидерлерди артта калтырып, учкучсуз учуучу аппараттардын глобалдык жайылышында жаңы бир мезгилди баштатты.

Бул айдын баштарында жарыяланган  CNAS отчету 2018- жылдан бери Түркия, Кытай жана АКШнын  40 башка өлкөгө жалпы 69 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат саткандыгын ортого салууда. Бул сатуулардын  65 пайызы Түркияга таандык болуп, Кытай 26 пайыздык үлүштү алса, АКШнын үлүшү 8 пайыз болду.

Түркиянын лидерлигинин артындагы себептер

Адистердин айтымына караганда Түркиянын учкучсуз учактар ​​рыногундагы лидерлиги Анкаранын ата мекендик коргонуу өнөр жайына берген маани менен байланыштуу.

«Түркиянын өнүккөн учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруудагы ийгилиги өзгөчө АКШ жана Израиль сыяктуу салттуу союздаштардын технология трансферин чектеген же сатууларды четке каккан оор мезгилдерде коргонуу секторунун чет элдик технологияга жетүү тууралуу тоскоолдуктарды ашып өтүү аракеттеринин түздөн түз бир жыйынтыгы»,- дейт Хасан Калёнжу университетинин саясий илимдер бөлүмүнүн мугалими доцент Мурат Аслан.

Аслан учкучсуз учуучу аппараттар биринчи жолу чыкканда көпчүлүк учурда чалгындоо, байкоо жана ок атууга колдоо көрсөтүүдө колдонулган жөнөкөй система болгондугун айтат.

«Бирок мезгили менен учкучсуз учуучу аппараттар түрдүү жүктөрдү көтөрө ала турган  татаал платформаларга айланды жана бул абал заманбап согуштардагы ролун маанилүү өлчөмдө кеңейтти»,- деп кошумчалады.

Коргоо өнөр жайынын ролу

Түркиянын глобалдык учкучсуз  учуучу аппараттары рыногундагы  лидерлиги Байкар, Рокетсан жана Аселсан сыяктуу коргоо фирмаларынын ийгилигине таянууда.

Байкардын Байрактар ​​ТБ2 учкучсуз учуучу аппараты Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Карабах согушунда колдонулуп, өлкөнүн учкучсуз учуучу аппараттар технологиясындагы ийгилигинин символу болгон продукцияга айланды.

 Байрактар ​​ТБ2 менен бирге Байкар чыгарган Акынжы учкучсуз учуучу аппараты болсо  жогорку бийиктик өзгөчөлүктөрүнө ээ жана Түркиянын жогорку технологиялуу учкучсуз учуучу аппарат чыгаруучу катары  статусун  бекемдеген  унаа катары өзгөчөлөнүүдө.

Татаал жол

Түркиянын бийиктикке чыгуусу оңой болгон жок. Өлкө башында компоненттерди сатып алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп, өз системаларын чыгарууга чечим чыгарды.

Аслан Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарды  өнүктүрүү процессинде олуттуу тоскоолдуктарга кабылгандыгын белгиледи.

«Түркия 1990-жылдары Израилдин Херон   учкучсуз учуучу аппаратын  сатып алууну каалаганда операциялык чектөөлөр болгон. Мисалы, системаларды түрк операторлору эмес, израилдик кызматкерлер иштетиши керек болчу», - дейт.

Бул көз карандылык жана чет элдик учкучсуз учуучу аппараттардан реалдуу убакытта чалгындоо маалыматын алуудагы кечигүүлөр Түркияны өзүнүн учкучсуз учуучу аппараттарын өндүрүү программасын баштоого түрттү. Рокетсан жана Аселсан сыяктуу коргоо өнөр жайы секторунун негизги оюнчулары да бул процессте Түркиянын бийиктешине салым кошту. Рокетсан ракета системалары менен учкучсуз учуучу аппараттар үчүн курал интеграциясы боюнча адистешкен болсо, Аселсан учкучсуз учуучу аппараттарынын мүмкүнчүлүктөрүн арттырган өнүккөн авионика, байланыш жана электрондук согуш системалары боюнча иштеп жатат. 2022 – жылы  алты өлкө биринчи жолу учкучсуз учуучу аппаратттар рыногуна кирип, баары Байкардын Байрактар ТБ2 үлгүсүн тандашты. Бул Түркиянын глобалдык рыноктогу үстөмдүгүн бекемдеди.

 Өз күчтөрү менен ийгиликке жетишүү

Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүдө маанилүү бир кадамы жергиликтүү техниканы жана өндүрүштүк кубаттуулукту өнүктүрүү болду.

Аслан Түркиянын орчундуу камсыздоо маселелерин чечүү үчүн  компоненттерди диверсификациялаганын же жергиликтүү түрдө өндүрө баштагандыгын белгиледи.

«Негизги бөлүктөргө карата эмбарголорго туш болгонуна карабастан, Түркия өндүрүштө мультипликатордук эффект түзө алды. Өзгөчө чет өлкөлүк системаларга көз карандылыктын улуттук коопсуздукка кепилдик бере албасын түшүнгөндөн кийин абдан чоң ылдамдыкка жетишти",- деди.

ANKA сыяктуу уникалдуу дизайн жана мүмкүнчүлүктөргө ээ учкучсуз учуучу аппараттардын  иштелип чыгышы Түркиянын коргонуу өнөр жайында чоң бурулуш жери болду.

Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттар боюнча  экспорту 2021-жылы Кытайды артка калтырып, кескин түрдө өстү. Байкар 2000-жылдардын башынан бери өндүрүшүнүн 83 пайызын экспорттогон жана 2022-жылы 1,8 миллиард долларлык экспортко жетишкен.

CNAS отчетунда АКШ менен Израилдин учкучсуз учуучу аппараттар ​​рыногундагы үстөмдүгүнүн “эбак эле бүткөнүн” жана Түркия Кытай жана Ирандан келген  экономикалык жактан үнөмдүү альтернативалардын бул  базарды  өткөрүп алгандыгын баса белгилөөдө.

Бул тенденция Түркияны алдыңкы катарга коюп, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын дүйнөлүк өлчөмдө  трансферин  олуттуу түрдө арттырды.

Түркиянын Байкар, Рокетсан жана Аселсан сыяктуу фирмалардын жетекчилигинде аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды  өндүрүүдө алдыңкы өлкөгө айланышы, дүйнөлүк аскердик күч тең салмактуулугунда кеңири өзгөрүүлөрдүн чагылышы. Байрактар ​​TБ2 жана Акынжы сыяктуу арзан, жогорку технологиялуу учкучсуз учуучу аппараттар  ​​заманбап согуштун формасын өзгөртүп, Түркияны бул маанилүү коргонуу секторунда борбордук актерго айлантууда.

Хасан Калёнжу университетинен Аслан бир куралдуу учкучсуз учуучу аппаратты чыгаруунун бир гана платформа эмес, платформада колдонулган ок-дары жана башкаруу системаларынын да маанилүү экенин баса белгиледи.

«Рокетсан өнүккөн ок-дарыларды иштеп чыгууда маанилүү роль ойноду. Аселсан болсо  электр жана электрондук колдоо көрсөттү, Хавелсан керектүү программалык камсыздоону иштеп чыкты. Бул коомдук коргонуу фирмалары учкучсуз учуучу аппараттарынын  моделдерин иштеп чыгууда алдыңкы ролду ойношту. Бирок ата мекендик ок-дарылар болбостон  Түркия дагы эле тышкы камсыздоочуларга көз каранды болмок».

Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us