Дүйнө
4 мүнөт окуу
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду ачыкка чыгарды
Оппозициялык күчтөр Асаддын параноя жана ырайымсыз өкмөтүн бир жума мурда кулаткандан бери камалган көптөгөн адам Сирия элинин акыркы он жылда дуушар болгон  үмүтсүздүктүн тереңдигин ачыкка чыгарышты.
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: аман калган туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду ачыкка чыгарды
πριν 5 ώρες

Гази Мухаммед аль-Мухаммедди кармаган сириялык аскердик  чалгынчылар ага  атын жана ким экендигин унутуусу керектигин айтышкан.

Документтерин алышты жана ага «Эми  3006 номердесиң»,- дешти.

Мухаммед беш жарым ай Асад режиминин абактарынын биринде  40 килограммга арыктап, тынымсыз өлүм жазасына тартылуу менен коркутулган.

Режимге каршы күчтөр Асаддын параноя жана аесуз өкмөтүн бир жума мурун кулаткандан бери Мухаммед сыяктуу көп сандаган мурунку туткун Сирия калкынын акыркы он жылда дуушар болгон үмүтсүздүктүн тереңдигин ачыкка чыгарууда. Сириянын түндүк батышындагы Халеп жакындарында Сармадада мештин алдында жаздыктарга жөлөнүп турган Мухаммед аттуу арык киши өзүнүн мурунку келбетинин көлөкөсү.

39 жаштагы адам Сирияда эч бир саясатка аралашпагандыгын жана бир туугандары менен бирдикте акча табууга аракет кылган жөнөкөй бир соодагер болгондугун айтып отурат.

Дамаскка жасаган кыска иш сапарында  колго түшүп, тозокко жетеленген.

"Болгон үмүтүңүздү жоготкон учур келет»,- дейт сакалы менен калың чачы кыска кыркылган Мухаммед.

«Акырына карай бир гана өлүмдү каалап жаткам. Бизди өлүм жазасына тартууларын күтүп жаткам. Абдан бактылуу элем анткени бул мен тарткан азап акырына чыгат деген мааниге келип жаткан».

Борбор шаарга барганда аны кармагандар Асад башкаруусунун бардык нерсеге күчү жеткен  чалгынчылары жана күч кызматкерлери болгон “мухабараттар” эле.

Анын колдорун артына байлап, дарыгер болгон бир досу менен бирдикте алып кетишти.

«Беш жарым ай мурун эле»,- дейт Мухаммед. Эмне үчүн камалгандыгын билбейт бирок мунун себеби режимге каршы күчтөрдүн түштүккө карай чагылгандай ылдам жылышы Асадды 8 -  декабрда качууга мажбурлаган түндүк батыштагы Идлиб аймагынан келгени үчүн болушу мүмкүн экендигин ойлоп жатат. 

Колдоруна кишен салынган жана көздөрү байланган Мухаммед элчиликтер, БУУнун кеңселери жана коопсуздук борборлору жайгашкан Дамасктын жогорку деңгээлдеги Маззех районундагы камоо борборуна алып барылды.

Аны бир имараттын ичине алып барышты жана ур  - токмок ошол жерде башталды.

Билектеринен асылды

Алгачкы бир канча күн бир камеранын бийик жериндеги темирге билектеринен асылды, буттары жерге тийген жок. Андан кийин жок дегенде буту жерге тийсин деп түшүрүштү.

Мухаммед токмоктолду жана дээрлик жегенге эч нерсе берилген жок. Бир ган байланышы күзөтчүлөр болду.

«Бир тууганымдын козголоңчуларга кошулгандыгын мойнума алуум керектигин айтышты»,- деди.

«Чынын айтсам бир тууганым Сармадада бир жардам мекемесин иштеткен ишкер болгонуна карабастан аларга угууну каалаган нерселерин айттым».

Жакындарынын көзүнчө кыйноого алынган аялдар менен балдардан күнөөсүн моюнга алуу кыйкырыктарын укканын айтты.

Бир айдан кийин Мухаммед аскердик чалгын кызматына өткөрүлүп берилди. Алар ага мындан ары бир номерлүү болорун айтышты.

Болжол менен эки метр узундукта, бир адамдын узундугунчалык жана  1,2 метр кеңдикте тар бир камерага ыргытышкан. Жарык келген жер шыптагы терезе болчу.

Камерада суу менен электр жок болчу жана туалетке бара турган болсо күзөтчүлар аны жылаңач,эңкейип, жерди тиктеп басууга мажбурлашкандыгын айтты.

Өлүм жазасына тартыларын айтышып аны шылдыңдашты.

«Кой сойгондой мойнуң кесилет. Же буттарыңдан асылууну каалайсыңбы? Же казыкка отуруунубу?»

Акырларына карай Мухаммеддин  тышта эмнелердин болуп жаткандыгынан, Асад күчтөрүнүн танктарды жана башка каражаттарды таштап кеткендиги тууралуу жана режимге каршы күчтөрдүн түндүктөн 11 күнгө созула турган ылдам алдыга жылуудан кабары жок эле.

«Өзгөрдү»

 

«Бир күнү түндө бизди камералардан чыгарышты жана баарыбызды коридордо  тизип бири бирибизге байлашты. 14 туткундан турган эки катар. Биринчи жолу бири бирибизди көрдүк жана өлөрүбүздү ойлодук»,- деди.

Бир саатка жакын ал жерде тургандан кийин туш келди камераларга киришти.

«Ооруп жатканымды жана туалетке баруум керектигин айттым бирок эч ким уккан жок. Андан кийин тик учактардын конуу жана учуу үндөрүн уктук, кызматкерлерди алып кетүү үчүн болсо керек деп ойлодук».

Бир канча сааттан кийин камералардын эшиктери сынды жана режимге каршы күчтөр аларды бошотушту.

«Согушкерлердин келгенин көрдүм бирок түш көрүп жатам деп ойлодум».

Мухаммед башынан өткөндөрдү айтып жатканда  75 жаштагы энеси  жанына келип отуруп анорак менен ойной баштады. Бир жолу да болсун көзүн баласынан алган жок.

Эч ким ага баласынын камакка алынгандыгын айткан жок. Ал жөн гана жок болду. Эл аралык Кызыл Крест Комитети Сирияда  35 000ден ашуун дайынсыз жоголгон кишилерди документтештиргендигин билдирди.

Көпчүлүгүнө караганда Мухаммеддин мүмкүнчүлүгү жогору эле. Ал кайтып келди. «Бирок ал өзгөрдү. Аны караганымда  менин балам эмес сыяктуу»,- дейт энеси Фатима Абд ал  -  Гани.

Жаман түштөрдү көргөндүгүн айтты.

«Жоопко тартылышат деп ойлоймун»,- деди Мухаммед туткунга алгандар үчүн жана үч кишини аныктай аларын айтты.

 

 

Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us