Браун университетинин Ватсон институтуна караштуу «Согуштук чыгымдар долбоору» жарыялаган изилдөө отчетуна караганда бул аскердик жардамдын шарттары Израиль өкмөтүнүн акчанын чоң бир бөлүгүн Америка фирмаларынан курал сатып алуу үчүн колдонуусун талап кылууда. Бул шарт АКШдагы курал фирмаларына «үзгүлтүксүз кирешенин киришине» шарт түзүп, чакан жана орточо өлчөмдөгү Америка коомдорунда «туруктуу өндүрүү иштеринин» жаратылышына да мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Изилдөөнү биргеликте жазган Гарвард университетинин профессору Линда Ж. Билмес : «Аскердик жардам программасы сатып алуунун көпчүлүгүнүн АКШ фирмаларынан жасалышын шарт кошууда. Бул көптөн бери келе жаткан макулдашуу жана АКШ мындай жардамдарды жактап муну ачыкча айтып жатат»,- деди.
АКШнын экономикалык кызыкчылыктары жана курал соодасы
Израиль АКШ фирмаларынан «минималдуу көзөмөл» менен түздөн түз курал сатып алуусуна уруксат берилген аз сандагы өлкөлөрдүн бири. Билмес Байден башкаруусунун Израилге карата тышкы жардам чыгымдарын Американын экономикасында жумуш мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу үчүн «ачыкча жактагандыгын» белгилейт.
АКШнын курал өндүрүүчүлөрү азайган курал жана ок - дары запастарын «кайрадан камдоо» үчүн жумушчуларды жалдап жатат. Ак үй 2025 – жылдын бюджетинде Израилге карата чукул түдө коопсуздук муктаждыктарын камтыган 92 миллиард долларлык кошумча бюджет талабын : «Американын төрт тарабындагы штаттарда жумуш мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу жана улантуу» деген негиз менен жактады. Бул абал саясий жактан да маанилүү. Демократтар быйылкы президенттик шайлоодо республикачылдардын талапкери Доналд Трамптын алдында кыйын бир жарышка кирди. Трамп "Байдендин тушундагы ийгиликсиз Америка экономикасын" жана иммиграциялык саясатты шайлоо кампаниясынын борборуна алып келди.
Курал өндүрүүчүлөрдүн ролу
Билместин изилдөөлөрүнө караганда Израилге курал жана башка каражаттарды берген алты чоң фирма бар : Boeing, General Dynamics, Lockheed Martin, Northrop Grumman, RTX (мурдагы Raytheon) жана Caterpillar. Бул компаниялар Израиль менен "узак мөөнөттүү соода мамилелерин" улантууда жана Израиль алар үчүн "маанилүү кардар" болуп саналат.
RTX (мурдагы Raytheon)
RTX – учуруу аянтчасынан чыккандан кийин багытын өзгөртө алган ракеталардын дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү. Фирма Израилге Ф - 16 аскердик учактары үчүн абадан кургактыкка атуучу ракеталар жана Ф – 15 жана Ф – 16 учактары үчүн моторлорду сатууда. Өзгөчө Израилдин бир курал фирмасы менен биргелеше Рафаэль деген ат менен бир долбоорду жүргүзүүдө. Бул кыска аралыктуу ракеталарды токтотууну максат кылган Темир Купол абадан коргонуу системасы үчүн тосмолорду чыгарууда.
RTXтын рыноктук капиталы 2023-жылдын 7-октябрынан бери болжол менен 84 пайызга өстү.
Lockheed Martin
Дүйнөнүн эң ири курал өндүрүүчүсү болгон Lockheed Martin Израилге Ф – 16 жана Ф – 35 аскердик учактарын берүүдө. Израиль бул учактарды Газаны бомбалоо үчүн «кеңири» колдонууда. Фирма өзгөчө Израилдин кургактык операцияларында колдонгон C-130 Hercules жүк ташуучу учактарын жана Apache тик учактары үчүн AGM-114 Hellfire ракеталарын өндүрүүдө.
Фирманын башкы директору Жим Тайклет 2023 - жылы октябрь айында инвесторлор менен өткөргөн жолугушууда Израилдин Газага карата согушунун «келечектеги кирешенин өсүшү үчүн потенциалдуу бир фактор» экендигин айткан.
Boeing
Дүйнөнүн төртүнчү чоң курал өндүрүүчүсү болгон Boeing Израилдин аба күчтөрү тарабынан Газа жана Ливандагы согуштарда колдонулган Ф – 15 аскердик учактары жана Apache AH-64 чабуул коюучу тик учактарын чыгарууда. Фирма согуштун башталышынан бери каржылык жактан калыбына келүү процессине кирди.
Башка пайдалануучулар
General Dynamics, Northrop Grumman жана Caterpillar сыяктуу фирмалар да Израилдин согуш аракеттерине чоң салым кошушкан. Caterpillar өзгөчө Израилдин Газадагы үйлөрдү кулатууда колдонулган брондолгон бульдозерлерди чыгарууда. Израилдин Газадагы үйлөрдү кулата баштагандан бери Caterpillarдын базар баасы 52 пайыздан ашык өстү.