Газа оккупация астындагы Батыш Шериа жана бул жумага чейин Ливандагы христиан коомдору ичинде болгон начар абал Жакынкы Чыгыштагы кенен масштабдуу кагылышуулардын ортосунда тез чечилиши керек болгон абалга айланды. Израиль геноцид кампанияларын жана оккупация саясаттарын улантып, араб христиандары зулумчулук, экономикалык кысым жана жер которуу менен бетме - бет келүүдө, бул да жашап калуу жана маданий баалуулуктарды сактап калуу туралуу маанилүү тынчсызданууларга жол ачууда.
Зомбулуктун адамзаттык чыгымдан башка бир элдин маданий жана диний мурасынын чыныгы мааниде жок кылынышы да сөз боло алат. Түштүк Ливанда Израиль күчтөрү Деир Мимас аттуу христиан айылындагы бир чиркөөгө кол салып, абадан бомбалоолор Сирия менен Ливандагы эң эски экинчи евангелист чиркөөсүн жер менен жексен кылды.
Бул кыймылдар премьер - министр Беньямин Нетаньяхунун аймакта терең жана тарыхый тектери болгон азчылык коомчулугу болгон араб христиандарын бутага алуу көнүмүшүнүн бир бөлүгү.
Ошол эле учурда мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар оккупация астындагы Батыш Шериада палестиналык христиандардын жерлерин тартып алып сансыз үй - бүлөнү үйсүз калтырды. Бул абал, эл аралык кийлигишүүнүн жоктугу менен бирге, палестиналык христиандарды системалуу түрдө жер которууга жана демографиялык манипуляцияга каршы күрөшүүгө мажбур кылууда. Мындан башкасы да бар.
Нетаньяхунун демографиялык пландары
Нетаньяхунун саясаттары араб христиандарын атайылап четтетүү туралуу тынчсызданууларды арттырды. Каржы министри Безалел Смотрих тарабынан сунушталган 2024 – жылдагы отурукташуу планы, Гуш-Этцион блогундагы мыйзамсыз Израиль отурукташуу жерлерин Кудска туташтырууну жана Батыш Шериада калган бир нече христиан айылдары да болуу менен Палестина жерлерине кол салууга багытталган.
План бир гана христиан тургундарды жерлеринен чыгаруу менен эле калбайт, ошол эле учурда бул аймактардын диний жана маданий күбөлүгүн да өзгөртөт. Мисалы аймактагы аз сандагы христиан чептеринин бири болгон Аль - Махрур өрөөнү отурукташуу жерлеринин кеңейиши менен жок болуу коркунучу астында турат.
Нетаньяхунун бул саясаттар боюнча үнсүздүгү Палестинадагы христиандарды жок кылуу коркунучун жараткан мажбурлап көчүрүү жана демографиялык инженерия боюнча кеңири стратегиянын кылмыш өнөктөшү экендигин көрсөтүүдө.
Бул тынчсыздантуучу абалдарга карабастан эл аралык каршы чыгуулар чоң өлчөмдө үнсүз калууда. Бирикен Улуттар Уюму Израилдин Палестина жерлерин оккупациялоосун айыптаган чечимдерди чыгарды бирок так санкциялар же координацияланган аракеттер болгон жок. Бул жоопкерчиликтин жоктугу араб христиандарына каршы мыйзам бузууларды улантууга мүмкүндүк берет жана глобалдык коомчулуктун адам укуктарынын бузулушуна кандай мамиле кылып жатканы боюнча тынчсыздандырган кош стандарттарды күчөтүүдө.
Бул абал глобалдык лидерлердин кээ кээде көңүлүн бурган. Папа Франциск 2024 – жылдын акырларында Газадагы «потенциал» геноцид катары мүнөздөгөн абалдарды териштирүүгө чакырды. Бирок кризисти «потенциал» деп мүнөздөө чындыкты кабыл албоо деген мааниге келүүдө : араб христиандары Нетаньяху жана башка израилдик жетекчилер тууралуу чыгарылган Эл аралык жаза сотунун камоо чечимдери да көрсөткөндөй адамзатка каршы кылмыш критерияларын камсыздаган системалуу бир зулумчулук менен бетме - бет.
Христиандарга каршы улуттар аралык геноциддик күн тартиби
Араб христиандарына карата зулумчулук Газа жана Батыш Шериа менен эле чектелип калбайт. Нетаньяхунун Газа геноцидинен мурун Израиль ичинде ишара кылган дагы кенен «Араб маселесинин бир бөлүгү катары көрүлгөн араб христиандарын жок кылууга карата трансулуттук стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болууну улантууда.
Христиандар калктын жарымынан азын түзгөн Ливанда Израиль аскердик кыймылдары бир жыл боюнча христиандар көпчүлүк болгон аймактарды жок кылды жана бул жумадагы ок атышпоодон мурдагы акыркы эки айда күчөдү. Чыгыш Бейрут жана Ливан тоосунун түндүк жактары Израиль бомбалоолорунан чоң зыян тартты. Ливандык христиан күбөлүгүнүн турмуштук символдору болгон чиркөөлөр кыйратылып коомчулуктун маданий жана диний түзүлүшү ого бетер бузулду.
Христиан аймактарына карата бул кол салуулардын Хизбуллахты бутага алуу сыяктуу аскердик максаттар менен байланыштуу болбошу көңүлдөрдү бурууда.
Араларында Ливан күчтөрү партиясынан Самир Геагеа сыяктуу алдыңкы саясий фигуралар да болгон көптөгөн ливандык христиан Хизбуллахтын аракеттерин айыптады. Бул абал бомбалоолордун Израилдин улуттук коопсуздугу үчүн зарыл экендиги айтылган дооматтарды жокко чыгарууда жана мунун ордуна араб христиандарына каршы атайын кампанияны белгилеп жатат.
Израилде ички зулумчулук
Араб христиандары беттешкен кыйынчылыктар Израиль чектеринин ичинде жашагандарды да камтууда. Борбору Кудс болгон Россинг Сентр тарабынан даярдалган 2024- жылдагы бир отчет көпчүлүгү араб тектүү болгон израилдик христиандарды бутага алган кол салуу жана мүлктөрдү жок кылуу окуяларын документтештирген. Ультра - православдык сионист топтор диний сыйынуулар менен бирге коркутуу жана зулумчулук кылуу аракеттерине аралашкан.
Израиль өкмөтү бул маселелерди карап чыгууга абдан аз аракет кылган. Нетаньяху администрациясы кылмышкерлерге чара көрбөстөн мындай аракеттерди үнсүз жактырарын билдирген.
Бул кайдыгерлик Израиль коомунун ичинде мусулмандарды эле эмес, христиандарды да четке каккан дагы кенен бир сионисттик үстөмдүк күн тартибин чагылдырууда.
Араб христиандарынын системалуу түрдө бутага алынышы еврей болбогон жамааттарды жок кылуу, жер котортуу менен аймактагы еврей үстөмдүгүн бекемдөөгө карата кенен стратегиянын бир бөлүгү.
Эл аралык коомчулук үчүн бул жагдай Израилди өз аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартуу менен моралдык императив болуп саналат. Дипломатиялык обочолонуу, экономикалык санкциялар жана аскердик чектөөлөр бул кыянаттыктарды ооздуктоо жана жабыр тарткан жамааттар үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн маанилүү курал болот.
Тилекке каршы глобалдык каршы чыгуулар жетерсиз болууда. Газа, Батыш Шериа жана Ливандагы араб христиандардын абалы, укуктарынын жана мурастарынын сакталышы үчүн бирдиктүү эл аралык кийлигишүүгө болгон муктаждыкты баса белгилөөдө. Бул жамааттар согуштун чыгымы эле эмес, ошол эле учурда мал - мүлктөрүн жок кылууну максат кылган атайын саясаттардын да курмандыктары.
Араб христиандары кылымдар бою Жакынкы Чыгыштын маданий жана диний мозаикасынын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Бул жамааттарды коргоо адилеттүүлүк маселеси гана эмес, ошондой эле аймактын бай тарыхынын, жанаша жашоонун далили. Негизги суроо, дүйнөлүк коомчулуктун бул кыйынчылыктан чыгып же чыга албай тургандыгы же алардын кыйынчылыктарын көрбөстүккө салууну улантып же улантпай тургандыгы.