
Tel Aviv considers the Golan Heights a crucial asset for its national security because the area gives Israel a military advantage over the three neighbouring countries.
Тель-Авив Голан дөңсөөлөрүн өзүнүн улуттук коопсуздугу үчүн маанилүү деп эсептейт, анткени бул аймак Израилге үч коңшу өлкөнүн үстүнөн аскердик артыкчылык берет.
Ондогон жылдар бою жерлерди басып алуусун улантып келген Израиль 1967-жылы мыйзамсыз басып алган Сириянын 1800 чарчы километр аянтындагы Голан дөңсөөлөрүндөгү конуштарды кеңейтүү планын жарыялады.
Стратегиялык жактан маанилүү бул аймак Сирия, Израиль, Ливан жана Иордания баш болгон төрт өлкөнү карап турган жерде жайгашкан жана кагылышуулар уланып жаткан аймакта аскердик артыкчылыкты камсыз кылууда.
Израиль өкмөтү Голан дөңсөөлөрүндө “демографиялык өсүштү стимулдаштырууга” 11 миллион доллардан ашык каражат бөлдү.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Голан дөңсөөлөрүнүн калкын эки эсеге көбөйткүсү келет. «Бул аймакты колубузда кармап турууну, өнүктүрүүнү жана конуштарды курууну улантабыз», - деди ал.
Нетаньяхунун кош стандарттары
Израиль менен Сириянын ортосундагы ок атышпоо келишими жарым кылымдык тынчтыктан кийин 8-декабрда бузулган. Израилдин танктары, ондогон жылдар бою израилдик оккупацияда турган буфердик зона деп аталган Израиль менен Сириянын ортосундагы демилитаризацияланган зонага кирди.
Израилдик күчтөр тоонун Сирия тарабына жетип гана тим болбостон, жаңы коргонуу зонасын түзүү үчүн ал жерге аскерлерди да жайгаштырышты.
Израиль аскерий аракетин, Дамасктагы өкмөттүк алмашуунун ок атышпоо келишимдерин "бузганын" жана жаңы өкмөттөн келе турган потенциалдуу коркунучтарды нейтралдаштыруу керектигин билдирди.
Голан дөңсөөлөрүнүн чыгыш бөлүгүн көздөй жылып баратканда Нетаньяху мунун «тийиштүү макулдашуу табылганга чейин убактылуу коргонуу позициясы» гана экенин айтты.
Бирок The Economist, ошол эле сүйлөмдүн еврейче билдирүүдө камтылбаганын, Нетаньяхунун убактылуу позиция сөзүн эл аралык пикирди тынчтандыруу үчүн гана англисче билдирүүсүнө кошконун жазып чыкты.
Бир жумадан кийин Нетаньяху басып алынган Голан дөңсөөлөрүндө конуштарды кеңейтүү планын жарыялап, бул кадамдын Асад режими кулагандан кийин Сирия чек арасында жаңы фронт ачылгандыктан “зарыл” болуп калганын айтты.
Друз жана Черкес элинин үйү
1967-жылга чейин Сириянын көзөмөлүндө болгон Голан дөңсөөлөрүндө негизинен друздар жана черкес улутундагылар жашашкан. Сириянын аскердик күчтөрү Голан дөңсөөлөрүнүн бийик абалынан пайдаланып 1967-жылдагы алты күндүк согуш учурунда Израиль элин бомбалаган. Израилдин бул согуштагы жеңиши стратегиялык жактан маанилүү эле жана Сириянын чабуулдарына каршы буферди камсыздап, маанилүү суу ресурстарын, анын ичинде Тиберия көлүн көзөмөлгө алды.
Израиль 2024-жылы да ошол эле логиканы колдонуу менен басып алган Голан дөңсөөлөрүнүн чегинен тышкары, мурда демилитаризацияланган буфердик аймакка чейин ээлеген аймактык жетишкендиктерин бекемдөөгө аракет кылууда.
Нетаньяху Израиль армиясына "Сириядан келе турган потенциалдуу коркунучтарды нейтралдаштырууну жана террордук элементтердин Израилдин чек араларына жакын жерде базаларды орнотуусуна жол бербөөнү" тапшырды.
1967-жылдагы согуш аймактагы 130 миңдей араб калкынын көбүн жеринен ажыратты. Израиль кийинчерээк Голан дөңсөөлөрү анын коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин айтып, аймакта жөөт конуштарын кура баштаган.
Учурда оккупацияланган Сириянын Голан дөңсөөлөрүндө 50 миңге жакын адам жашайт. Алардын жарымы израилдик отурукташкандар, калган жарымы Израиль калкынын 1,6 пайызын түзгөн жана шиит Исламынын бир бутагы деп эсептелген башка ишенимдеги друздар.
Друздар Голан аймактык кеңешине кирген 33 жөөт конушунда жашашат. Бул конуштар эл аралык укук боюнча мыйзамсыз деп эсептелет.
1973-жылдагы Йом Киппур согушунда Сириянын Голан дөңсөөлөрүн кайтарып алуу аракети ийгиликсиз болгон. Андан кийин 1974-жылы Израиль менен түзүлгөн келишим Тель-Авивди Сириянын кээ бир аймактарын көзөмөлдөөдөн баш тартууга алып келген. Бирок Голан дөңсөөлөрү Израилдин оккупациясында кала берген.
Израиль 1981-жылы Голан дөңсөөлөрүн бир тараптуу аннексиялап алган — бул эч качан эл аралык деңгээлде таанылган эмес. БУУнун Коопсуздук Кеңеши аннексияны “жараксыз” деп жарыялаган.
2019-жылдын мартында АКШ бул аймакты Израилдин бир бөлүгү деп тааныганга чейин Голан дөңсөөлөрүндөгү Израилдин эгемендигин эч бир өлкө тааныган эмес.
Нетаньяху басып алынган аймактардагы конуштарды кеңейтүүнү көздөп жаткандыктан, өлкөдө катуу каршылыкка туш болууда.
Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Олмерт Израилдин Голан дөңсөөлөрүндө кеңейишине алып келе турган эч кандай себеп көрбөгөнүн айтты.
«[Нетаньяху] мындай деди, биз Сирия менен жаңжалды кеңейтүүнү каалабайбыз жана азыр Сирияны басып алган жаңы козголоңчулар менен согушууга аргасыз болушубуз мүмкүн. Анда эмне үчүн тескерисинче кылып жатабыз? Бизде ансыз деле чече турчу жетиштүү көйгөйлөр бар».