Бул айдын баштарында согуштан жапа чеккен жана травма алган палестиналыктар башка бир жаман кабар менен ойгонду : айланасында бомбалар атылып жатканда да Газадагы жаралууларды дарылоону уланткан белгилүү медициналык кызматкер, дарыгер Аднан Аль - Бурш Израиль армиясы тарабынан камакка алынып өлтүрүлдү.
Газада бомбаланган Аль-Шифа ооруканасынын ортопедия бөлүмүнүн башчысы болгон Аль – Бурш оккупация астындагы Батыш Шериадагы жана палестиналыктардын адамзаттык тышы шарттарга дуушар болгон камакка алуу борборлорунун бири катары билинген Израилдин Офер аскердик абагында каза болду.
Мурдагы кагылышуулар учурунда Газадагы ооруканаларда Аль - Бурш менен бирдикте иштеген британиялык - палестиналык жана реконструктивдүү хирург Гассан Абу Ситтах: «Аны сабап өлтүрүшкөн. Аны менен бир абакта калган мурдагы туткундар бетинде жана башында травма издеринин бар экендигин айтышты»,- деди.
Аль - Бурштун өлүм кабары 2 - майда Карам Абу Салем чек ара капкасында бошотулган айрым туткундардын бул тууралуу палестиналык бейөкмөт уюмдарга айтуусунан кийин коомчулукка билдирилди. Израиль армиясы дарыгердин чындыгында 19 – апрелде каза болгондугуна байланыштуу кабарларды дароо ырастады.
Израилдиктер Аль - Бурштун сөөгүн берүүнү четке какты жана активисттер мунун себеби Тель Авивдин анын кыйноо менен өлтүрүлгөндүгүн дүйнөнүн билишин каалабагандыгы экендигин айтышууда.
Абу Ситтах : «Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму өлүм себебинин белгилениши жана үй - бүлөсүнүн тынчтануусу үчүн сөөктүн тапшырылышын талап кылышы керек. Израиль абактарындагы 100 медициналык кызматкеринин өмүрү азыркы учурда коркунуч астында»,- деди.
СНН 11 - майда камоо борборлорунда иштеген кабарчылар менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде жана Газада камакка алынган палестиналыктардын кандай ур - токмокко алынгандыгын, көздөрүнүн кандай байлангандыгын, салынган кишен себеп болгон жаралардын айынан колдорунун кандай кесилгендигин жана өч алуу сезими менен кандай токмоктолгондугу белгиленген изилдөө отчетун жарыялады.
Абу Ситтах Аль - Бурш жана башка бир палестиналык дарыгер болгон Ахмед Муханнанын декабрь айында Израиль армиясынын Газадагы Жабалья лагериндеги Аль Авда ооруканасына жасаган рейд учурунда «улуттук коопсуздук» негизи менен камалгандыгын айтты. Ал учурдан бери Израиль Ал - Бурштун Офер абагында каза болгонун ырастаганга чейин абалы тууралуу эч бир маалымат жок эле.
Абу Ситтах TRT Worldга Муханнанын азыр да абакта экендигин айтып : «Адвокат жок, Эл аралык Кызыл Крест жок, эч нерсе жок». Абу Ситтах 7 - октябрдан бери камакка алынган палестиналыктардын эч бир мыйзамдуу өкүлүнүн болбогонун, тыштан эч ким менен байланыш түзө албагандарын жана «эч бир сот процессинин» жок экендигин да сөздөрүнө кошту.
Көрбөстүккө салуу
Палестиналык эки туткундар коому 2 - майда берген билдирүүсүндө араларында Аль - Бурш да болгон Газадан кеминде 18 палестиналыктын Израиль абагында каза болгондугун жарыялады.
Абактарда кыйноо болгондугуна байланыштуу көп сандаган далилдин бар экендигине карабастан батыш дүйнөсүндөгү лидерлер кандайдыр бир кадам таштоону каалабагандай мамиле кылууда. Ошол эле учурда АКШнын президенти Жо Байден башкаруусу баш тартылгыс союздашы Израилге кандай куралдардын берилиши керектигин талкуулоо менен алектенип жаткан.
«Дарыгер Аднан Аль - Бурш жана башкалардын өлүмүнө байланыштуу жагдайлар боюнча көз карандысыз иликтөөлөр адилеттик жана жоопкерчиликти талап кылуу үчүн өтө маанилүү. Израиль дарыгер Аднандын сөөгүн үй - бүлөсүнө кайтарып берип, татыктуу көмүлүшү керек»,- дейт Адам Укуктары Боюнча Эл аралык Текшерүү Уюмунун (HRW) өкүлү Милена Ансари.
TRT Worldга маек берген Ансари : «Жазасыздык адам укуктарынын дагы көп бузулушуна түрктү берүүдө. Израиль ондогон жылдан бери палестиналык туткундарга жаман мамиле кылып, кыйнап жатат»,- деди. Ансари Аль - Бурштун өлүмү согуштук кылмыш болуп эсептелеби деген суроого жооп берген жок, бирок командасы "Палестиналык туткундарга карата кыйноо жана жаман мамилени" документтештирген.
Каза болгондорго каршы согуш
Тель - Авивде кыйноо жана катаал мамиле тууралуу отчеттордон башка палестиналык туткундардын сөөгүн кармоо саясаты да бар.
Кудс укуктук жардам жана адам укуктары борборунун (JLAC) 2019 - жылы жарыялаган бир отчетуна караганда Израиль мыйзамдары өкмөттүн палестиналыктардын сөөктөрүн «кенен масштабдуу козголоң программасынын бир бөлүгү катары» кармоого жана буларды «потенциалдуу соодалашуу үчүн» колдонулушуна уруксат берүүдө.
«2017 - жылы Израилдин Жогорку соту мамлекеттин сөөктөрдү конфискациялоо үчүн мыйзамдуу негизинин жок экендиги тууралуу өкүм чыгарган. HRWдан Ансари 2019 - жылы багытын терсине айландырды жана өкмөттүн Хамас менен байланышы бар кишилердин жана израилдиктерди өлтүргөн же жаралагандардын жаназаларын конфискациялоо саясатын бекитти»,- дейт.
Бирок бул саясат эл аралык гуманитардык укуктун "өлгөндөрдүн сөөктөрүн алар таандык болгон тараптын өтүнүчү боюнча кайтарып берүүнү жеңилдетүү үчүн аракет кылуу" талабына ачык эле карама-каршы» дейт.
«Кандайдыр бир кылмыш менен айыпталбаган маркумдардын үй - бүлөлөрүн атайылап жана мыйзамга терс жазаландыруу, эл аралык гуманитардык укуктун башка бир олуттуу бузулушу болуп саналат. Өзгөчө каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө карата ырайымсыздык, адамзаттык тышы же кемсинтүүчү мамиле деген мааниге келиши мүмкүн бул да эл аралык адам укуктарынын бузулушу болуп саналат».
Эми болсо Аль-Бурштун үй-бүлөсү кыйноого дуушар болууда.
«Ушул кезге чейин жаназасын ала албадык жана сандар көрүстөнүнө көмүлбөсүн же түштүктө калбасын деп Аллага дуба кылып жатам. Аны менен коштошо ала турган жана шейит болгондон мурдагы акыркы элесинин кандай экендигин көрө турган түндүккө кайтышын каалаймын»,- деп билдирди дарыгер Аднандын жубайы Үммү Язан Аль Жазирага. Жолдошунун Израиль тарабынан кыйноо менен өлтүрүлгөндүгүндүгүнө ишенет.
Мурда палестиналык туткундардын уюму Аддамир үчүн иштеген Ансари Израилдин бул саясатынын ондогон жылдан бери жүргүзүлүп келгендигин жана сөөктөрдүн көпчүлүк учурда моргдордо кармалгандыгын же «сандар көрүстөнүнө» көмүлгөндүгүн айтты. «90 - жылдардан бери сөөгү сакталган туткун бар».
«Бул бир кысым, үстөмдүк кылуу системасынын бир бөлүгү. Үй - бүлөлөрдү жазаландыруу жана башкаларды баш тарттыруу үчүн»,- дейт Ансари.
Израилдиктердин адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу далилдерди да жашырууну каалап жаткандыгын айтты. Аддамир буга чейин сөөктөрдүн сакталышынын мыйзамсыз өлтүрүү жагдайларын ачыкка чыга турган териштирүүлөргө бөгөт болгондугун билдирген.
Аль - Бурштун өлүмү менен бирдикте акыркы 7 айда Израиль армиясы тарабынан кеминде 496 медициналык кызматкери өлтүрүлдү.
Израилдин Газага карата кол салууларында көпчүлүгү аялдар жана алдар болгон 34 000ден ашуун палестиналык өлтүрүлдү.
Газада тынчтык ичинде жат!
Аль - Бурш Газанын түндүгүндөгү Жабальяда төрөлгөн. Румынияда медицина боюнча окуп, Британия жана Германиядагы ооруканаларда да медициналык билим алды.
«Ал чындыгында жашоону сүйгөн адам болгон. Жумушка келгенден мурун деңизде сүзүү үчүн эрте турчу. Кыш айларында да сүзчү. Абдан жандуу жана дайыма күлүмсүрөп жүрчү»,- дейт Абу Ситтах.
2023 - жылы 14 - январда Аль - Бурш Газадагы эң чоң оорукана болгон Аль - Шифа ооруканасынан бир видео жарыялады. Оорукананын электр жана суу болбостон иштөөгө мажбур болуп жаткандыгын дүйнөгө көрсөткөн.
Аль - Бурш үчүн 8 - майда Лондондо ортопедиялык хирург катары билим алган King's Collegeдин алдында эскерүү аземи өткөрүлдү.
«Дарыгер Аднан Аль - Бурш палестиналыктар тарткан кыйынчылык менен бирге чечкиндүүлүк жана тайманбастыктын да символу. Өмүрүн адамдарды айыктырууга жана дарылоого арнаган»,- дейт палестиналык - америкалык профессор Сами ал Ариан.
TRT Worldга маек берген Ариан : «Согушта бир ооруканада ортопед-хирург болуп иштеп жатып камакка алынды»,- деди.
Профессор палестиналыктардын «укуктарынан баш тартпай тургандарын» жана көз карандысыздыктарына ээ болгонго чейин Израилдин кысымына каршы турууну уланта тургандарына ишенүү үчүн «өз өмүрүнөн баш тартты» деп кошумчалады.
Британ-палестиналык академик жана аналитик Камел Хавваш: "Ал мыкты дарыгер жана мен сүйлөшкөн ар кандай адам үчүн укмуштуудай адам болгон",- дейт.
Хавваш TRT Worldга берген билдирүүсүндө : «Бул бир гана израилдиктердин палестиналыктарды адам катары көрбөгөндүгүн көрсөтүүдө»,- деди.
Хавваш Израилдин Аль - Бурштун сөөгүн үй - бүлөсүнө берүүнү четке кагуусунун палестиналыктардан «өч алуу аракети» экендигин айтты. Хавваш бир күн Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяху жана башка израилдик лидерлердин палестиналыктарга каршы жасаган кылмыштарынан улам Гаагада согуштук кылмышкер катары соттолорун көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатат.
Балким да Израиль байкабай калган нерсе бардык зулумдугуна карабастан Газадагы палестиналыктардын үйлөрүн таштап кетпей тургандыгы. Аль - Бурштун өмүрү да мунун бир далили.
«Германия, Иордания жана Британияда билим алган киши катары дүйнөнүн ар кайсы жеринен оңой эле жумуш таба алмак. Бирок 2021 - жылдагы согушта андан кайтып келгениң үчүн бушаймансыңбы де сураганымда Аль - Бурш өмүрүн Газадан башка жерде өткөрүүнү кыялданбагандыгын айтты»,- дейт Гассан Абу Ситтах.