2024 - жылы аяктап баратканда БРИКС блогунун кеңейүүсү жылдын эң чоң геосаясий окуясы катары өзгөчөлөнүүдө.
БРИКС бейрасмий түрдө 2000-жылдардын ортосунан бери дүйнөлүк саясаттын горизонтунда орун алууда. Бирок бул жылы блоктун таңы жаркыраган күн чыгышына жол берип, адилеттүү көп полярдуу дүйнөлүк тартипти убада кылды.
Буга блогдун мүчөлөрүнүн, өнөктөштөрдүн базасынын жана дүйнөлүк жолдоочуларынын санындагы өсүш түрткү болду.
БРИКС блогунун бул жылкы күн чыгышы АКШнын жол башчылыгындагы G 7 тобунун дүйнөлүк саясаттагы гегемониясы күндүн батышын ылдамдатты. Башка темалардын астында калган толкундуу өзгөрүүлөрдү көрбөй калгандар үчүн - Газа, Украина, АКШдагы шайлоо жана Сирия - 2024 БРИКС блогу үчүн бир бурулуш жылы болду.
Жыл боюнча болгон окуялар, акырында дүйнө тартибинин тең салмактуу бир геосаясий көрүнүшкө карай жылып бара жаткандыгын көрсөттү. 2024 - жыл АКШнын лидерлигиндеги батыштык өлкөлөрдөн турган кичинекей кликасынын империалисттик тенденциялары үчүн акыркы оюн болушу мүмкүн.
2024 - жыл Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка – БРИКС блогунун түпкү курамы – жана блоктун жаңы мүчөлөрү жана жаңы өнөктөш өлкөлөр тарабынан демократиялык жол менен башкарылуучу ачык, адилеттүү жана тең укуктуу дүйнөлүк тартипке шарт түздү.
БРИКС үчүн Beeline
Окуялардын хронологиясына кыскача көз салуу, 2024-жылдын дүйнөлүк саясат үчүн эмне себептен бурулуш жери болгондугун көрсөтүүдө.
1-январда дагы төрт өлкө - Египет, БАЭ, Иран жана Эфиопия БРИКС блогуна расмий түрдө кошулуп, биримдиктин мүчөлөрүнүн санын бештен тогузга чыгарды. Андан кийин октябрь айында БРИКСтын бир топ өлкөнү «өнөктөш өлкө» болууга чакыруусу менен топ үчүн жаңы бир бурулуш жери ортого чыкты : Алжир, Беларусь, Боливия, Куба, Индонезия, Казакстан, Малайзия, Нигерия, Таиланд, Уганда, Өзбекстан жана Вьетнам.
Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган да катышкан Россиянын Казань шаарында өткөн БРИКС блогунун 16-саммитинин алкагында жарыяланды.
Белгилей кетсек, НАТОнун негизги мүчөсү болгон Түркияга да БРИКС тобунун өнөктөштүк статусу сунушталды. Эрдоган Түркиянын БРИКС блогу менен өсүп жаткан карым-катнаштарынын НАТОго мүчөлүк жана Европа Биримдигине талапкер болуу сыяктуу учурдагы аракеттерине альтернатива эмес экендигин айтты.
Ноябрь айынын орто ченинде Түркиянын соода министри Өмер Болат бул сунушту ырастап :"Түркиянын [БРИКС] мүчөлүгүнө байланыштуу статусуна келсек, алар Түркияга өнөктөш мүчөлүк статусун сунушташты. Бул [орток статус] БРИКС блогунун уюштуруу түзүмүндөгү өткөөл процесси", - деди.
Көптөгөн өлкөлөр бул жылы БРИКС блогу менен иштешүү үчүн кезекке турушту, айрымдары толук кандуу мүчө, кээ бирлери өнөктөш өлкөлөр катары. Буга кошумча катары буга чейин уюмга кирүүгө кеминде 40 өлкөнүн кызыкдар экендиги билдирилген.
Батышка эки билдирүү
БРИКС блогунун өсүү тарыхы мындан кийин алдыга жылды. Акыркы эки абал блоктун АКШнын жол башчылыгындагы батыштын империалисттик көлөкөсү кичирейип бараткан дүйнөдө позитивдүү өзгөрүүлөрдү жаратуу тууралуу канчалык даяр экендигин дагы бир жолу баса белгиледи.
Бирөөсү АКШ долларына глобалдык бир альтернатива жаратуу тууралуу символдук кадам. Бири болсо батыштан тышкары жасалма инттелкт чыгаруу тууралуу эл аралык кызматташтыкка карата аракет.
2024 - жылы Казанда болгон БРИКС саммити учурунда лидерлер символдук бир «БРИКС акча банкнотун” азем менен таанытты.
Банкнотко БРИКС тобунун алгачкы мүчөлөрүнүн желектери түшүрүлдү. Функционалдык акча бирдиги болбосо да бул таанытуу БРИКС блогунун долларга альтернативаларды изилдөөгө дилгир каалоосун билдирген; долларга көпчүлүк учурда АКШ тарабынан дүйнө экономикасына үстөмдүк кылуу үчүн колдонулган бир каражат катары каралган. БРИКС акча бирдигинин чындыкка айланышы эрте болсо да бул пикир мүчөлөрдүн доллардын үстөмдүгүнөн чыгуунун жолун табуу каалоосун билдирүүдө.
Эл аралык сооданы "де-долларизациялоо" жөнүндө сөз күчөп жаткан учурда БРИКС банкнотунун таанытылышы G7де кыймылдуулукту арттырды.
Өзгөчө БРИКС блогунун чектен тышкы төлөмдөрдү жергиликтүү акча бирдиги менен жүргүзүүнү 23 - октябрдан кийин бекиткен. Блок батыштын төлөм механизми болгон SWIFT сыяктуу АКШнын көзөмөлүндөгү финансылык каражаттарга ишенбей турган экономикалык системаны жаратууну каалап жатат.
G7 жактырбаган башка бир абал 11 - декабрда болду.
Москвада жасалма интеллект аркылуу өткөрүлгөн бир конференцияга катышкан Путин Россиянын жасалма интеллектти өнүктүрүү үчүн БРИКС жана башка өлкөлөр менен кызматташа тургандыгын айтты. Белгиленген максат АКШнын жаңы технологияда жалгыз үстөмдүк кылуу аракетине бир альтернативди түзүү.
G7 жана БРИКС : өзгөргөн реалдуулук
БРИКС дүйнө жүзү боюнча өзүнүн изин тездик менен кеңейтип жаткандыктан, суроо туулат: G7 үчүн БРИКС блогуна карата позициясын жоготуп алуу чындыгында эмнени билдирет?
Өзгөрүлүп жаткан реалдуулук БРИКС блогу үчүн кандай кызыктуу болсо, G7 үчүн да ошончолук караңгы.
G7 же Жетилер тобу АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Япония жана Италиядан турган эң өнүккөн жети экономиканын де-факто клубу. Өзгөчө 27 Европа өлкөсүнөн турган экономикалык блок болгон Европа Биримдигин да камтыйт.
Вашингтон жетектеген G7 көп жылдар бою эл аралык карым - катнаштарды, дүйнөлүк экономикада жана медиа баяндоодо үстөмдүк кылып, ошол эле учурда Кытай, Россия, Түркия жана Индия сыяктуу башка державалардын салымдарын чанда гана моюнга алган.
Ушул кезге чейин ылдам алдыга жылып, күч динамикалары өзгөрдү. G7 туруктуу түрдө күчүн жоготуп жатат бул он жыл мурда ойго келбеген нерсе. 1990 – жылы G7нин глобадык Ички дүң продукциядагы үлүшү 66 пайыз болгон жана бир канча жыл боюнча да жогору бойдон калды.
Ал кезде АКШ баштаган батыш өзүм билемдик менен согуштарды баштап, блокторго кошулбаган өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип, Дүйнөлүк банк менен ЭВФти жакыр өлкөлөргө жайгаштыра алар эле.
Мезгили менен иштер өзгөрдү. 2022 – жылы G 7 тобунун глобалдык ички дүң продукциядагы үлүшү 44 пайызга түштү.
АКШ аскерлеринин 2021-жылы Афганистандан чыгарылышынан бери Вашингтондун жаңы согуш баштабагандыгын байкаса болот. Украинадагы, Газадагы, Сириядагы жана Йемендеги кагылышууну жана башаламандыкты тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтө элек.
БРИКС эмнеси менен айырмаланат
БРИКС блогунун дүйнөлүк ички дүң продукциядагы үлүшү 37% га чейин өстү. Бирок ошентсе да дүйнөлүк экономика боюнча үстөмдүгү өсүп жатканына карабастан, блок согуштарды баштоо же кийлигишүүгө эч кандай ынтасын көрсөткөн жок.
Мындай тең салмактуу мамиле болушу мүмкүн, анткени БРИКС империализмге багытталган G7ге салыштырмалуу түрдүү геосаясий көз караштары жана пацифисттик тышкы саясаты менен бир топ борбордон ажыратылган өкмөттөрдүн тобу.
2025 – жылга карай бара жатканда G7 аткарышы керек болгон айрым изденүүлөр бар. Кеңейүүсүнүн артынан эми БРИКС + деп аталган БРИКС блогу дүйнө калкынын 40 пайызына жакынына үй ээлик кылууда.
Өлкөлөрү G7 өлкөлөрү көрбөстүккө сала албай турган мол көлөмдө жаратылыш булактарына ээ жана блок G7 өлкөлөрүнөн келген көп улуттуу фирмалар ишенген чоң керектөөчү рынокторун камтууда.
Украина согушу, Газа кризиси, Лональд Трамптын шайлодон утуп чыгышы жана Сириядагы баш аламандык орунду ээлеп, БРИКСтын үнсүз жогорулашы ачыкча жылдын эң чоң өзгөрүү окуяларынын бири катары тарыхка өтүп жатат.