Дүйнө супер өткөргүчтүктү таптыбы?
Дүйнө
6 мүнөт окуу
Дүйнө супер өткөргүчтүктү таптыбы?Жазган: Озан Ахмет Четин
süper-iletkenliğin
il y a 11 heures

Түштүк кореялык илимпоздордун супер өткөргүч технологиясы тармагында потенциалдуу бурулуш жасаганын жарыялашы, бир жагынан күтүү менен экинчи жагынан скептицизмдин ортосунда термелген дүйнөлүк илимий коомчулукта чоң таасирди жаратып дүйнө жүзүндөгү изилдөөчүлөрдү ушул дем берүүчү сыноолорду кайталоо жарышына түрттү.  

Супер өткөргүчтөр; энергетикалык тармактардан компьютердик технологияларга чейин көптөгөн тармактарды түп-тамырынан бери өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар жана бул тармактардын бардыгында колдонула турган заманбап илим менен технологиянын маанилүү элементтери болуп калууда.

Эл көп болгон шаарда жумуштан чыгуу убактысын элестетиңиз. Унаалар жүрүп жатат, бирок жол чырактан жана тыгындан улам токтоп ылдамдыгын азайтууга аргасыз болууда. Бул абал, электр тогунун жез зымдар сыяктуу жөнөкөй өткөргүчтөр аркылуу өтүп жатканда кездешкен каршылыктан улам энергияны жоготконуна окшошууда.

Эми болсо ачык автожолду ойлоп көрүңүз; унаалар такалбай үзгүлтүксүз илгерилөөдө. Мына ушул супер өткөргүчтөрдүн иштешине жакыныраак аналогия. Супер өткөргүчтөр электр тогунун белгилүү бир шарттарда эч кандай каршылыкка туш болбостон өтүшүнө мүмкүндүк берет. Мунун негизинде эч кандай энергия жоготуусу болбогондуктан абдан натыйжалуу түзүлүштү сунуш кылат.

Бирок, бир маселе бар: Азыркы шарттарда супер өткөргүчтөрдүн иштеши үчүн өтө төмөн температура талап кылынат. Бул болсо кымбат да, түйшүктүү да. Ошондуктан илимпоздор бөлмө температурасында иштей ала турган супер өткөргүчтөрдү ачуу үчүн кандайдыр бир «ыйык кесе» издеп жатышат.Мындай ачылыш энергетикалык тармактардан компьютердик технологияларга, транспорттон тартып көптөгөн башка тармактарга чейин сансыз тармактарды түп тамырынан бери өзгөртүшү мүмкүн.

Бул "супер" ийгиликпи?

Дал ушул себептен улам, илимий дүйнө тез арада Түштүк Кореялык топтун arXiv аттуу алдын ала көрүү платформасында бөлүшкөн жана кадимки басым шарттарында супер өткөргүчтүккө жетишкендерин айткан макалаларына көңүл бурушту.

Бул айтылгандар татаал сыноолордон өтүп тастыкталса, супер өткөргүч технологиясы тармагында чоң жылыш катталган болот.

АКШдагы Иллинойс университетинин Урбана-Шампейн кампусунан конденсацияланган зат боюнча физик Надя Мэйсон бул темадагы этияттуу оптимизмин TRT World менен бөлүшүп мындай дейт:

«Так айтууга али эрте, бирок ошондой болсо да кызыгуу жаратууда. Же бизде супер өткөргүч же өтө адаттан тыш материал бар. Материалдын синтези абдан жөнөкөй болушу жакшы жаңылык, ошондуктан көптөгөн адамдар натыйжаларды текшерүүгө аракет кылып жатышат».

Анкарадагы TOBB Экономика жана технология университетинин супер өткөргүч электроника боюнча адиси Али Бозбей да бул этияттуу оптимизмди бөлүшүп: «Материалдын супер өткөргүчтүгү али жалпы кабыл алына элек болсо да, анын эки жумадан бери эксперименталдык жана теориялык топтор тарабынан ачык түрдө жокко чыгарылбашы маанилүү көрсөткүч катары каралышы мүмкүн» дейт.

Мындай ачылыш конденсацияланган материянын физикасын өзгөртүп, илимий фантастикалык сүрөттөлүштү чындыкка жакындата турган инновацияларга жол ачышы мүмкүн, мисалы калкып жүрүүчү унаалар жана жогорку эффективдүү электр системалары.

Пенн Стейт университетинин материал таануу изилдөөчүсү Беназир Фазлыоглу-Ялчын бул абалды мындайча билдирет: «Эгерде биз бөлмө температурасында эффективдүү боло турган супер өткөргүчтүктүн сырын ачып, аны күнүмдүк жашообузга киргизсек, бул Нобель сыйлыгына татыктуу жетишкендик болот. Мындан тышкары, супер өткөргүчтүк сырын чечүү физиканын терең аспектилерине жарык чачат жана башка илимий дилеммалардын инновациялык чечимдерине жол ачат».

Күмөн саноолор уланууда

Сөз болуп жаткан ойлоп табуунун чоо-жайын камтыган макалалар arXiv сайтына 22-июлда жүктөлгөн. Бирок көптөгөн физиктер мындай маанилүү көз-караштан күтүлгөн кеңири маалыматтардын макалаларда жетиштүү түрдө камтылбагандыгын айтышат.

Кореялык изилдөөчүлөр: «Биз дүйнөдө биринчи жолу бөлмө температурасында супер өткөргүчтү синтездөөгө жетиштик» деп тайманбастык менен жарыялашты. Команда "LK-99" деп атаган кошулма магниттик талааларды кайтаруу жөндөмүнө ээ экенин, мунун да супер өткөргүчтөргө таандык маанилүү өзгөчөлүк экенин билдирди.

Ушунчалык чоң кызыгууга карабастан дүйнөлүк илимий коомчулук азыр бул айтылгандарды ырастоо же жокко чыгаруу үчүн кызуу иштеп жатат.

Азырынча кээ бир алдын ала анализдер макаладагы айтылгандардын аспектилерин колдогону менен, бөлмө температурасында супер өткөргүчтүктү тастыктай турган эч кандай так далилдер жок.

АКШдагы Иллинойс Урбана-Шампейн университетинин конденсацияланган зат боюнча физик Надя Мэйсон эксперименттердин ар кандай натыйжалары жөнүндө мындай дейт: «Кээ бир изилдөөлөр макаладагы элементтерди (диамагнетизм жана каршылыктын өтүшү) тастыктаганын айтууда, беркилери болсо ошол эле натыйжаларды көрө албай жатат. Бул жаңы материалдар үчүн адаттан тыш көрүнүш эмес, анткени материалды тазалоо жана анын касиеттерин жакшыраак көзөмөлдөө керек.

Учурда супер өткөргүчтөрдүн иштеши өтө төмөн температураны сактоого көз каранды. Бул шарттар кымбат да, түйшүктүү да. Окумуштуулар бөлмө температурасында иштеген супер өткөргүчтөрдү иштеп чыгууга жетишсе, анда бул алда канча натыйжалуу энергия тармактарынын жана компьютердик чиптердин доорун ачышы мүмкүн.

Бул жаңычыл идеянын таасири триллиондогон кичинекей электрондук өчүргүчтөрдү (транзисторлорду) камтыган дүйнөдөгү эң күчтүү компьютерлерде ишке ашырылганда дагы чоң болот. Супер өткөргүч материалдар AI эсептөөлөрү сыяктуу татаал процесстерди тездетип, бул тапшырмаларды башкара алат.

Колдонмо физика инженери Эндрю Кот Xте (мурдагы Twitter) бул потенциалдуу супер өткөргүчтүн келечеги тууралуу божомолдорду айтты. Эгер материалдын супер өткөргүчтүгү тастыкталса, анын рыноктук баасы материалдын так эмне кыла алаарына жараша 1,5тен 4,5 триллион долларга чейин өзгөрүшү мүмкүн деп эсептейт.

Кот ошондой эле бул ачылыш телекоммуникация жабдыктарынан смартфондорго, электрондук сенсорлордон спутниктерге, графикалык процессорлордон (GPU) борбордук процессорлорго (CPU), антенналардан энергияны өткөрүү жана өндүрүү системаларына, электр кыймылдаткычтарынан темир жол транспортуна жана энергияны сактоого чейин кеңири чөйрөдө трансформациялык эффекттерди түзө алат.

Бирок Бозбей мындай бурулуштун практикалык натыйжалары чыгышы үчүн убакыт керек экенин эске салат: «Эгер кабар чын болсо жана LK-99 өнөр жайлык колдонууга ылайыктуу материал болсо, бул өзгөчө энергетика тармагында революциялык өнүгүү болот; бирок анын таасирин эң эрте 5-10 жылдын ичинде көрө баштайбыз» дейт.

Ал эми Мейсон бул технологиянын потенциалдуу колдонмолорунун энергетикалык тармактарда жана түзмөктөрдө супер өткөргүч зымдарды колдонууга мүмкүндүк берерине көңүл буруп: «Бул энергияны ысырап кылууну азайтуу үчүн абдан маанилүү. Ушунун негизинде климаттын өзгөрүшүнө салым кошкон жоготуулардын алдын алууга болот» дейт.

Практикалык колдонуунун прогрессинен тышкары, илимий коомчулук супер өткөргүчтүк жөнүндө жаңылыктарга күмөн санноо менен мамиле кылууда. Бул этияттык, бөлмө температурасынын супер өткөргүчтүккө жетүү боюнча ийгиликсиз аракеттерден келип чыгууда.

Мисалы, 2023-жылдын март айында Рочестер университетинен физик Ранга Диас жетектеген топ супер өткөргүчтүк ачылышын жарыялаган, бирок бул айтым чоң талаш-тартыштарды жараткан. Изилдөөлөр кадыр-барктуу Nature журналында жарыяланганына карабаста команданын 2020-жылы ушул сыяктуу макаладан баш тартуусу алардын акыркы басылмасынын аброюна доо кетирди.

Диастын командасы 2020-жылы көмүртек, күкүрт жана суутек аралашкан кичинекей бөлүкчөдөгү супер өткөргүчтүктү байкаганын жарыялаган, бирок бул жаңыча пикирди башка изилдөөчүлөр тастыктай алган жок. Сынчылар супер өткөрүмдүүлүктүн негизги өзгөчөлүгү болгон магниттик жүрүм-турумду өлчөөлөргө lf каршы чыгып, изилдөөнүн методологиясын бүдөмүк жана толук эмес деп табышты. Бул талкуулардан кийин Nature журналы 2022-жылдын сентябрында сөз болуп жаткан макаланы алып салган.

Бул шек туудурган мамиле супер өткөргүчтүк изилдөөлөрү кабыл алынганга чейин басып өтүшү керек болгон узак жолду ортого салууда.

Чындыгында, LK-99ду синтездөөдө ийгиликке жетишкенин жарыялаган эки башка изилдөө тобу - Индиянын Нью-Делидеги Улуттук физика лабораториясы жана Пекиндеги Бейханг университети - супер өткөрүмдүүлүктүн эч кандай белгилерин байкабагандыктарын билдиришти.

Экинчи жагынан, Кытайдын Нанкин шаарындагы Түштүк-Чыгыш университетинин физика бөлүмүнүн илимпоздор тобу LK-99дун нөлдүк электрдик каршылык көрсөтөөрүн жарыялашты - бул супер өткөргүчтүктүн белгиси.

Бирок алар бул ийгиликке бөлмө температурасында эмес, макаланын баштапкы айтылганынан башкача шарттарда жетишти.

Ошентсе да илимий коомчулуктун консенсуска жетиши үчүн дагы көп далилдер керек. Мисалы Мейсон "Ырастоочу документтердеги чыныгы маалыматтарды көрмөйүнчө так жыйынтык чыгара албайм" дейт

 БУЛАК: TRT World

Озан Ахмет Четин

 Озан Ахмет Четин Америка университетинин эл аралык мамилелер факультетинин докторанты. Ал Интернетти башкаруу лабораториясында илимий кызматкер жана Коопсуздук, инновация жана жаңы технологиялар борборунда илимий жардамчы болуп иштейт.


Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us