Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) чогулткан маалыматтар, тымызын пандемиянын дүйнөнү тез жана ылгабай кыйратып жатканын көрсөтүп турат. Жалгыздык жана социалдык обочолонуу азыр дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлүмдөрдүн себеби болуп саналат.
ДССУнун демографиялык өзгөрүүлөр жана сергек карылык бөлүмүнүн башчысы Alana Officer "Жалгыздык ден-соолукка жана бакубаттуулукка олуттуу таасирин тийгизет" деди.
"Колдогу далилдер, социалдык байланыштын жоктугунун чынында эле тамеки чегүү, ашыкча ичкилик, физикалык кыймылсыздык, семирүү жана абанын булганышы сыяктуу белгилүү болгон тобокелдик факторлоруна караганда эрте өлүмдүн бирдей же көбүрөөк коркунучун алып келерин көрсөтүп турат".
Адистердин айтымында, чыныгы же сезилген жалгыздык адамдын өзүн-өзү өлтүрүү, инсульт, тынчсыздануу, деменция, депрессия сыяктуу көптөгөн коркунучтарды арттырууда. ДССУ, мунун жүрөк-кан тамыр ооруларынын рискин 30% га жогорулата турганын билдирди.
Көп жактуу факторлор
ДССУ социалдык обочолонууну “жетиштүү социалдык байланыштын жоктугунун натыйжасында сезилген жалгыздык” деп аныктайт.
Элдин арасында жалгыз экениңизди элестетиңиз. Көптөрүбүз аны кандайдыр бир убакта сезген болушубуз мүмкүн.
Көбүнчө батыш өлкөлөрүндө улгайган адамдар социалдык обочолонуу жана жалгыздыктан жапа чегишет деген түшүнүк бар, бирок бул абал дүйнө жүзү боюнча бардык курактагы адамдарга таасир этет.
"Дүйнө жүзү боюнча улгайган адамдардын 25%га жакыны социалдык обочолонууну жана жалгыздыкты баштан кечирип жатканда, жаштардын 5-15%ы социалдык жактан обочолонгон абалда" дейт Alana Officer.
Officer: "Көп сандаган адамдар жалгыздыкты баштан кечирүүдө жана бул өтө зыяндуу болушу мүмкүн", - деп эскертти.
Социалдык байланыш комиссиясы
ДССУ жалгыздыкты чукул ден соолук коркунучу катары карап чыгуу, социалдык байланышты артыкчылыктуу багыт катары жайылтуу жана эң эффективдүү кийлигишүүлөрдү аныктоо үчүн социалдык байланыш боюнча жаңы комиссия түздү.
Комиссиянын үч жылдык кызмат мөөнөтү бар, анын жүрүшүндө социалдык байланыштын коомчулуктардын жана коомдордун жыргалчылыгын жогорулатып, экономикалык прогресске, социалдык өнүгүүгө жана инновацияларга кандайча жардам берерине басым жасайт.
"Комиссиянын иш-аракеттери аркылуу адамдардын жалгыздыкты жана социалдык обочолонууну баштан кечирип жатышканын жакшыраак түшүнө алышат" деди.
Изоляциянын белгилери
Адистердин айтымында, социалдык календарыбыз бош эмес болсо да, үй-бүлөлүү болсок да, ал тургай көп мүчөлүү үй-бүлөдө жашасак да өзүбүздү жалгыз сезишибиз ыктымал.
"Социалдык байланыш жумуш ордуңузда, чөйрөңүздө же коомчулукта башкаларга канчалык жакын сезгениңизге байланыштуу", - деп түшүндүрөт Officer.
Адамдар эң керектүү учурда колдоо албаса, алар социалдык жактан обочолонуп калышы мүмкүн.
Социалдык-экономикалык таасири
Кеңири алкакта каралганда адамдардын кубанычын уурдаган ар кандай абал начар экономикалык натыйжаларга себеп болушу мүмкүн. Өз ишинде байланышсыз жана колдоосуз сезүүсү жумушка канааттанбоо жана ийлигинин начарлашына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле кызматтан кетүү же кызматтан алуу менен аякташы мүмкүн.
"Сиз бактылуу эмес экениңизди же мамилелериңиздин сапатына канааттанбай жатканыңызды түшүнгөндө, бул жөнүндө бир нерсе кылуу абдан маанилүү", - деп кеңеш берет ал.
ДССУнун башчысы Тедрос Аданомдун Xтеги билдирүүсү, жалгыздык көйгөйүнүн оордугун жана масштабына көңүл бурат. "Биз бул тууралуу ачык айтышыбыз керек. Жардам суроодон коркпошубуз керек", - деп жазат.
Жаштардын арасында социалдык байланыштын бузулушу билим алуу жашоосуна терс таасирин тийгизет. ДССУнун маалыматтары, орто мектепте жалгыздыкты башынан өткөргөн жаштардын университетти таштап кетүү ыктымалдуулугу жогору экенин көрсөтүп турат.
Социалдык байланышка инвестициялар азыркы жана келечек муундардын жыргалчылыгын колдогон жемиштүү, туруктуу экономикаларды түзүү үчүн абдан маанилүү.
Байланыштын күчү
Officer башка бирөөдөн жардам алуу же смс жазуунун ордуна телефон чалуу сыяктуу кичинекей кадамдарды жасоо пайдалуу болушу мүмкүн дейт.
Ага үй-бүлө жана достор менен көбүрөөк убакыт өткөрүү да кирет. Ошондой эле адамдарды көбүрөөк же сапаттуу социалдык байланыштарга жетүүнү жеңилдеткен иш-чараларга катышууга үндөйт.
"Кандайдыр бир топко, клубга, кызыккан нерсеңизге кошулсаңыз болот же жаңы хобби менен алектене аласыз", - деп кеңеш берип, "кошуналар менен саламдашуу же жергиликтүү дүкөнчүлөр менен баарлашуу" сыяктуу жүрүм-турумдардын пайдалуу экенин кошумчалады.
Волонтерлук да социалдык обочолонууну азайтууга жардам берет. Кошунаны же башка бирөөнү колдоо идеясы "сизге жакшыраак байланышуу сезимин берет" дейт.
Азыраак жалгыз дүйнө
Жалгыздыкты жана социалдык обочолонууну башынан өткөргөн адамдарды колдоо механизмдери жеткиликтүү болушу керек.
"Жалгыздыктын жана обочолонуунун терең ден соолук жана коомдук кесепеттерин эске алуу менен, тамеки колдонуу, семирүү жана көз карандылык сыяктуу саламаттыкты сактоонун башка глобалдык көйгөйлөрү менен күрөшүүдө кошкон салымыбызды коомдун социалдык түзүмүн калыбына келтирүүгө да жумшашыбыз керек" дейт комиссиянын теңтөрагасы Вивек Мерти.
"Биргеликте азыраак жалгызсыраган, сапаттуу жана туруктуу дүйнөнү кура алабыз".