Сезимдер тилдерде ар кандай болушу мүмкүнбү?
Маданият
3 мүнөт окуу
Сезимдер тилдерде ар кандай болушу мүмкүнбү?Чапел Хиллдеги Түндүк Каролина университетинин жана Макс Планктын Адам тарыхы боюнча институтунун изилдөөчүлөрү салыштырма лингвистика аркылуу дүйнө жүзү боюнча эмоционалдык түшүнүктөрдү изилдешти.
Сезим
10 órája

Сиз өмүрүңүздө ар кандай маданияттарда жана тилдерде сүйүүнү, ачууну же кубанычты бирдей сезебизби деп ойлонуп көрдүңүз беле? Мисалы, биз «сүйүү» сөзүн, англисче «love», түркчө «sevgi», ал эми венгерче «szerelem» дейбиз. Бирок бул сөздөр үч тилде тең бирдей сезимдерди жана ойлорду билдиреби?

 

Түндүк Каролина университетинин жана Макс Планк институтунун изилдөөчүлөрү ар кандай тилдер сезимдерди кандайча билдире тургандыгы жөнүндө кызыктуу изилдөө жүргүзүштү. Алар дүйнө жүзү боюнча болжол менен 2500 тилде ачуулануу, коркуу жана кубаныч сыяктуу сезимдер кандайча билдирилерин изилдешти. Алардын «Science» журналында жарыяланган жыйынтыктары чындыгында таң калыштуу болду.

 

Көрүнүп тугандай, сезимдер жөнүндө ойлоо ыкмабыз биз сүйлөгөн тилге жараша болушу мүмкүн. Айрым сезим сөздөрү ушунчалык уникалдуу болгондуктан алар бир гана маданиятка таандык сыяктуу көрүнөт. Мисалы, күчтүү кусалык дегенди билдирген немисче "Sehnsucht" сөзүнүн англисче жана көптөгөн башка тилдерде түз котормосу жок. Ошондой эле Папуа-Жаңы Гвинеянын байнинг элинин тилинен алынган «awumbuk» сөзү конок кеткенде сезилген бошоңдук сезимин сүрөттөйт.

 

Бирок маселе жалгыз уникалдуу сөздөрдө эмес. Ар кандай тилдерде көбүрөөк аталган сезимдер жөнүндө эмне айтууга болот?

 

Изилдөөчүлөр бирден көп мааниси бар же үндөш сөздөрдү да иликтешти. Мисалы, түрк тилинде «garip» сөзү кызык дегенди жана күлкүлүү дегенди да билдириши мүмкүн. Алар кээ бир сезимдердин ар кандай тилдерде окшош аттары болсо да, алардын маанилери абдан айырмаланышы мүмкүн экенин аныкташты.

 

Мисалы, кээ бир тилдерде «таң калуу» «коркуу» сезими менен тыгыз байланышкан, ал эми башкаларында «үмүт»  «каалоо» менен байланышкан. Ушул сыяктуу эле, «тынчсыздануу» бир тилде «ачуулануу» менен, башка тилде «кайгы» менен байланышта болушу мүмкүн. Ал эмес «намыс» түшүнүгү да маданий контекстке жараша ар кандай сезимдерди - оң же терс - жаратышы мүмкүн.

 

Мисалы, «funny» деген англис сөзү күлкүлүү да, кызыктай да дегенди билдире алат жана юмор көбүнчө кызыктай нерселерде кездешет. Орус тилинде «рука» деген сөз колдун тулкусуна да, колго да колдонулат, жапон тилинде «ки» дарак да, жыгач да, французча «femme» аял жана жубай дегенди да билдирет.

 

Изилдөө ошондой эле географиялык жактан жакын тил үй-бүлөлөрүндө сезимдерди топтоштуруунун окшош жолдору көп кездешерин көрсөттү. Бирок бул бардык айырмачылыктарга карабастан, кээ бир универсалдуу үлгүлөр бар. Бардык тилдер жагымдуу жана жагымсыз сезимдерди, ошондой эле төмөнкү же жогорку деңгээлдеги козголууну камтыган сезимдерди айырмалайт. Мисалы, өтө аз тилдер кайгынын тынчтыгын ачуунун тыгыздыгы менен, же кубанычтын бактылуулугун катанын өкүнүчү менен чаташтырат.

 

Изилдөөчүлөр бирдиктүү эмоционалдык түшүнүктөрдүн тармактарын түзүп, аларды тилдер жана тил үй-бүлөлөрү боюнча салыштырышкан; Алар сөздөрдүн сөздүк маанилери бирдей болгонуна карабастан, нюанстар жагынан абдан айырмаланарын аныкташкан.

 

Мисалы, австронезиялык тилдерде «сюрприз» сөзү «коркуу» менен тыгыз байланышта болсо, Түштүк-Чыгыш Азиянын жана Түштүк Кытайдын тай-кадай тилдеринде «сюрприз» сөзү «үмүт» жана «арзуу» деген түшүнүктөр менен байланышкан.

 

Индо-европа тилдеринде «түйшүк» сөзү «каардануу» менен тыгыз байланышта болсо, австроазиялык тилдерде «кайгы» жана «өкүнүч» менен көбүрөөк байланышкан. «Намыс» түшүнүгү маданиятка жараша оң же терс эмоциялар менен да байланыштуу болгон.

 

Алгачкы сезимдер орноп калган

 

Макаланын улук автору доц. Dr. Кристен Линдквист Франс Пресске берген маегинде: «Ар бир тил үй-бүлөсүнүн эмоцияны кабыл алуу жолу ар кандай көрүнөт жана бул абдан маанилүү табылга»,-деди.

 

Изилдөөдө жалпы сөздөр окшош тилдик үй-бүлөлөр географиялык жактан бири-бирине жакын экени жана бул көп түрдүүлүк;  бул соода-сатык, басып алуу жана миграция үлгүлөрүнө байланыштуу болушу мүмкүн экени келип чыкты.

 

Бирок кээ бир универсалдуу табылгалар бар: Бардык тилдер эмоцияларды билдирет; Ал тажрыйбанын жагымдуу же жагымсыз экенине жана ал аз же жогорку дүүлүктүрүүнү камтыганына жараша айырмаланат.

 

Бир нече тилдер кайгынын аз козголуу сезимин ачуунун жогорку толкундануу сезимине теңешкен, ал эми «бактылуу» деген жагымдуу сезимди «өкүнүч» деген жагымсыз сезимге салыштыргандар өтө аз.

 

Ошондуктан, кийинки жолу бирөөнүн башка тилде сезим жөнүндө айтканын укканда, тарых жана маданиятка жараша сиз билген нерседен бир аз айырмаланган нерсе  экенин эстен чыгарбаңыз.

 

Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us