Израилдин өлкөнүн өзгөрмө өздүгү жана чек арасын аныктоодон баш тартканы үчүн конституциясы жок. Бул абал палестиналыктарга ондогон жылдар бою үстөмдүк кылуусун жана жерлерин басып алуусун чагылдырат.
Тель-Авив университетинин саясат таануу жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Ханна Лернер мындай деп жазды: " Конституциянын кабыл алынбашы, ачык эмес статус-кво келишимдери сыяктуу эле Израилдин мамлекеттин өздүгүнө байланыштуу талаштуу суроолордун акыркы чечимдеринен качуусу керек деген консенсусту чагылдырууда".
Лернердин 2004-жылы жарык көргөн «Демократия, конституционализм жана өздүк: Израилдин абалынын аномалиясы» деген макаласында конституциянын кабыл алынбашынын «Израилдеги диний-светтик кагылышуудан» келип чыкканы жана мунун «Израилдин саясаты менен багыттандырылганы» «Жөөт мамлекетинин табияты боюнча карама-каршы көз караштардын ортосундагы күрөш» экени айтылган.
TRT World бул макала боюнча комментарий алуу үчүн Лернер менен байланышты бирок суроого жооп ала алган жок.
Израилдин мисалы баш мыйзамы жок берки беш мамлекетке салыштырмалуу өзгөчө.
Мисалы, Улуу Британияда адилеттүүлүктү камсыз кылууда таяныч пункту катары кызмат кылган бир дагы жазуу жүзүндөгү конституция жок. Анын ордуна жоболор, жалпы укук, келишимдер жана Магна Карта сыяктуу юридикалык документтерден турган ар кандай булактарга таралган кодификацияланбаган конституцияга ээ.
Израилде болсо, православдык еврей базасынын, сионисттердин жана секуляристтер деп аталгандардын карама-каршы кызыкчылыктарынан келип чыккан татаал суроо бар.
Тоорат жана Израиль секуляризми
Секуляристтер дин менен мамлекеттин ажырымына негизделген конституцияны талап кылышса, православ топтору буга каршы чыгып, өлкөнүн конституцияга муктаж эмес экенин, анткени еврейлердин ыйык китеби Тоораттын Израилди аныктаганын жакташууда.
Лернер Израиль мамлекетинин алгачкы жылдарында ультра-православдык партия болгон Агудат-Израилдин бир өкүлүнүн: «Израилде адамдар тарабынан түзүлгөн эч кандай конституцияга орун жок. Эгер Тооратка карама-каршы келсе кабыл алынбайт, Тооратка дал келсе анда керексиз» дегенин билдирген.
Каршы динамиканын алдында Израилдин алгачкы жетекчилиги 1950-жылкы Харари чечиминен кийин ортоңку жолду иштеп чыгууга аракет кылган, анда Тель-Авив компакттуу конституция түзбөстөн анын ордуна өкмөттүк мекемелер үчүн өзүнчө Негизги мыйзамдарды кабыл алышы керек деп сунуштаган. Мындай мамиле бара-бара өлкөнү бирдиктүү конституцияны кабыл алууга багытташы мүмкүн эле. Бирок бул чыңалууну басаңдата алган жок.
Теолог тарыхчы Эльдар Хасаноглу Израиль мамлекетинин биринчи премьер-министри Давид Бен-Гурион сыяктуу «светтик» негиздөөчүлөр менен «фундаменталист» жөөттөрдүн ортосундагы көп жылдардан бери келе жаткан айырмачылыктарга көңүл бурат. Андан кийинкилер Израилди аларга Кудай тарабынан берилген «убадаланган жер» деп эсептешет жана саясий лидерлерден адам түзгөн конституцияга эмес, Тоорат принциптерине баш ийүүнү талап кылышат.
Хасаноглунун айтымында, Израилдин секуляристтик лидерлери эгер алар Тооратка шилтеме кылбастан конституцияны иштеп чыгышса, жаңыдан көчүп келген жөөт православ топторунун катуу реакциясына туш болорун түшүнүшкөн. Эгерде алар Тооратка ылайык мыйзамдарды жазышса Израилдин алгачкы жетекчилигинин “фундаменталист күн тартибин” көздөп жатканы үчүн Батыш дүйнөсүнүн суук мамилесинен коркконун да кошумчалайт.
Хасаноглу TRT World телеканалына: « Натыйжада конституцияны түзбөө алардын кызыкчылыгына эле»,-деди. Динге ишенген жөөттөрдүн Израилге келишине бөгөт боло турган (секулярдык конституция сыяктуу) эч кандай тоскоолдуктарды жаратууну каалашкан эмес, алар мамлекеттин секулярдык түзүлүшүн сактап калууну да максат кылышкан».
Конституциялык укук тармагындагы академик, Экономикалык жана социалдык изилдөөлөр борборунун (ESAM) укуктук изилдөөлөр боюнча директору Батухан Устабулут секуляристтер менен ультра-православдык топтордун ортосунда уланып жаткан бөлүнүүчүлүк жана тирешүүдөн улам «Израилдин конституциясын кабыл алуу процесси эки тараптын ортосундагы социалдык чыр-чатактарды болтурбоо үчүн атайылап создуктурулуп жатат» дейт.
Саясий илимдер боюнча адис Ричард Фальктын айтымында, Израилдин иденттүүлүгү үчүн чечилбеген күрөш Тель-Авивдин конституциянын долбоорун иштеп чыгууда «өзүнүн саясий тартибин жана ким экендигин аныктоону көптөн бери каалабагандыгы» менен дал келет.
Кеңейген ажырым
Израилдик академик Лернер жыйырма жыл мурун макаласын жазганда, өлкөнү “светтик көпчүлүк” башкарган. Ошондон бери Израилдин саясий структурасы түп-тамырынан бери өзгөрдү. Православдык сионисттик партиялар үстөмдүк кылган азыркы ашынган оңчул Нетаньяхунун өкмөтү муну далилдейт.
7-октябрдагы чабуулга чейин Нетаньяхунун өкмөтүнүн сот реформасы планы ири демонстрацияларга алып келип, секулярдык жана диний топтордун ортосундагы ажырымдын күчөгөнүн көрсөттү жана Лернердин 2004-жылы жазган Израилдеги консенсустар бузулуп баратат деген божомолун ырастады.
Хасаноглу, Израилдеги секулярдык жана диний топтордун ортосунда күчөгөн бөлүнүүчүлүккө көңүл буруп: «Сот реформасы планы Израилде саясий кризисти жаратты, көп сандаган күтүүсүз шайлоолорго жана туруксуз өкмөткө алып келген чыныгы факторго айланды»,-деди.
Хасаноглунун айтымында, 1980-жылдары диний соттордун түзүлүшүнө уруксат берилгенден бери Израиль коомчулугундагы ажырым күчөгөндүктөн конституция долбоору Тель-Авив үчүн барган сайын татаал максатка айланды. Академик: « Светтик соттун чечиминен айырмаланып раввиндин диний соттогу чечимине даттанууга болбойт»,-дейт.
1980-жылдардан бери оңчул топтордун саны жана таасири канчалык өскөнүнө көңүл бурган Хасаноглу: «Узак мөөнөттүү келечекте секулярдык израилдиктер православдык жөөт топторуна каршы бул согушта жеңилишет»,-деди. 2018-жылы еврейлерге гана өз тагдырын өзү аныктоо укугун берген улуттук-мамлекеттик мыйзамдын негизинде диний топтордун өзүн алда канча кайраттуу сезишкенин кошумчалады.
Конституциясыздыктын пайдалары
Адистер Израиль үчүн конституциянын жоктугунун бир катар саясий пайдаларына көңүл бурушууда.
Устабулут: «Конституция саясий күчтү колдонууга чектөө коёт», - дейт. Израиль мисалында, конституциялык чектөөлөр бул мамлекетти өзүнүн аймактык чек араларын белгилөөгө мажбурлашы мүмкүн, Тель-Авив буга көптөн бери каршы болуп келет.
Фолк TRT World телеканалына берген маегинде: "Учурдагы себеп экспансиялык аймактык амбицияларынан улам Израилдин өзүнүн аймактык чек араларын аныктоону каалабагандыгы менен байланыштуу. Израиль конституцияны 1948 же 1967-жылдардагы аймактык статус-квону кабыл алуу менен байланыштырганы анык" деди.
Профессор, 1948-жылы Израиль мамлекетинин пайда болушунан жана Тель-Авивдин төрт араб мамлекетин жеңгенден кийин Батыш Шерианы, Газаны, Синай жарым аралын жана Голан дөңсөөлөрүн басып алуусуна мүмкүнчүлүк берген 1967-жылдагы алты күндүк согушунан сөз кылат. Израиль 1982-жылы Тель-Авив менен Каирдин ортосунда АКШнын ортомчулугу астында түзүлгөн тынчтык келишиминен кийин Синай жарым аралынан чыгып кеткен.
«Израиль экспансиялык отурукташкан колониялык мамлекет б.а анын чек аралары жок. Палестиналык алдыңкы академик Сами ал Ариан: " Бул жерди сиңирип, ал жерге жетиштүү элди алып келмейинче, каалагандай жер алууга аракет кылып жатат, конституция ага тоскоол болушу мүмкүн" деди.
Медипол университетинин укук факультетинин окутуучусу Нихат Булут, заманбап демократиялык конституциянын «тең укуктарды» аныктай турганын жана Израилди палестиналыктар сыяктуу жөөт эместердин жарандык укуктарын бузбоого буйрук берерин айтты.
Булут TRT World телеканалына берген маегинде, «Тандалган улут» жөөттөргө берилген «убада кылынган жерлер» деген диний түшүнүктүн жана күчөгөн экстремисттик саясий кысымдын таасири астында израилдик лидерлердин еврей эместерге «тең укуктарды» элестете албай турганын айтты. Натыйжада алардын мамлекетин гана эмес, улутун да аныктоодо көйгөйлөрү бар деп кошумчалады.
Ариандын айтымында, Израиль өзүнүн алгачкы жылдарында палестиналыктарга каршы согуш абалын киргизген. «Эгерде бир конституцияга ээ болгондо "палестиналыктардын кандай экенин аныктап бериши керек эле", бул да Израилге мындай кыңыр иштерди жасоодо көптөгөн кыйынчылыктарды жаратмак» деп кошумчалады. Тель-Авивдин ондогон жылдар бою палестиналыктарга каршы жасаган укук бузууларынын узун тизмеси бар.
Фалк: «Кайтып келүү же үй-бүлөнү бириктирүү укугуна байланыштуу Израилдин басмырлоочу мыйзамдарынын болушу; менчикке жана жашоо укугуна расалык чектөөлөр, демократиялык конституция менен айкалыштыруу кыйынга турган болушу мүмкүн», - дейт.
"Конституциясы жок Израиль жөөт элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугун чектеген 2018-жылкы Негизги Мыйзамда көрсөтүлгөндөй,"жөөттөрдүн үстөмдүк мамлекети" аныктамасында ийкемдүүлүктү улантууда" деп кошумчалайт.
Ариан менен Фалк Израилдин конституциясынын жоктугу темасында бир пикирге келгендей.
Ариан Израилдин так аныкталган укуктук жүрүм-турум кодексине ээ эместигинин себеби жөөттөрдүн үстөмдүгүн таңуулоодо деп эсептейт. "Бул же сионисттик идеологиянын табиятын чагылдырган үстөмдүкчү расисттик конституция болмок, же сынга алынбай тургандай туңгуюкка кептелмек" дейт.