TikTok технологиясы эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
Экономика
3 мүнөт окуу
TikTok технологиясы эмнеси менен өзгөчөлөнөт?Окумуштуулар TikTokтун глобалдык деңгээлде ийгиликтүү болушуна алгоритмдер эле эмес, ошол эле учурда кыска видео форматы менен кандай иштеши да себеп болгондугун айтышты.
10 orë më parë

TikTokтун онлайн кыска видео платформасын иштеткен мазмунду сунуштоо алгоритми АКШнын кытайлык ээси ByteDance компаниясына колдонмонун АКШдагы активдерин сатууга буйрук бергенден кийин дагы бир жолу сынга кабылды.

TikTokтун кандай иштегендиги жана эмне себептен Meta's Instagram, Google's YouTube жана  Snapchat сыяктуу атаандаштары тарабынан колдонулган технологияга караганда көбүрөөк талаш-тартыштарды жаратууда.

Reuterтин  булактарга таянып берген кабарына караганда алгоритмалар ByteDanceтин жалпы операцияларынын борборунда орун алууда жана ByteDance тиркемени саткандын ордуна жабууну тандады.

Кытай  2020 -  жылы экспорт мыйзамдарына киргизген өзгөртүүлөр менен алгоритмалардын жана баштапкы коддордун  экспорттолушуна  уруксат берүү укугун таанып,тиркемени сатуу аракеттерине татаалдыкты кошту.

TikTok ортого чыккандан мурда бир топ киши , Metaнын Facebook жана Instagramдын популярдуулугу эске алынганда бир колдонуучунун социалдык байланыштарын бири бири менен байланыштырган технологиянын ийгиликтүү социалдык медиа тиркемесинин жашыруун соусу деп эсептешкен.

Бирок TikTok колдонуучунун кызыкчылыгын түшүнүүгө негизделген алгоритмдин  дагы күчтүү экендигин көрсөттү. ТикТоктун жетекчилери, анын ичинде башкы директор Шоу Цзы Чью, алгоритмдин  Meta сыяктуу "социалдык графикке" куруунун ордуна, алгоритмдердин "кызыкчылык сигналдарына" негизделгенин айтышты.

Утрехт университетинин доценти Каталина Гоанта атаандаштары ушуга окшогон кызыкчылыкка негизделген алгоритмдерге окшош болсо да, TikTokтун  кыска видео форматы менен алгоритмдин эффективдүүлүгүн жогорулата аларын айтты жана : «Сунуштоо системалары абдан кеңири таралган. "Бирок  TikTokту колдонмо катары айырмалап турган нерсе бул дизайн жана мазмун",-  деди.

"Динамикалык платформа"

Кыска видео форматы TikTokтун алгоритмасынын  динамикалуу абалга келишин жана ал түгүл мезгил ичинде колдонуучулардын каалоолорунун жана кызыкчылыктарынын өзгөрүшүнө көз салууга мүмкүндүк берет жана бир колдонуучунун күндүн ичинде белгилүү бир мезгилде эмнелерди эмнелерди жактыра ала турганын аныктай ала турган деңгээлге чейин өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, TikTokтун оюн бөлүмүнүн мурдагы башчысы Джейсон Фунг кыска видео форматы TikTokко колдонуучулардын артыкчылыктарын тезирээк үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.

"Анткени бул кичинекей форматта, кыска видео болгондуктан, колдонуучунун артыкчылыктары жөнүндө маалыматты орточо узундугу 10 мүнөттөн ашык болгон YouTubeга караганда тезирээк чогултууга мүмкүнчүлүк бар. Колдонуучу жөнүндө маалыматты ар 10 мүнөт сайын эмес, ар бир секунд сайын чогултасыз»,- деди.

TikTokтун эң башынан эле мобилдик аппараттар үчүн түзүлгөн тиркеме катары жайгашуусу ага өз интерфейстерин компьютер экрандарына ыңгайлаштырууга туура келген атаандаш платформаларга каршы  артыкчылык берди.

TikTokтун кыска видео рыногуна эрте кириши да компанияга эрте түрткү берүүчү  артыкчылык берди. Instagram Reelsти 2020 – жылга чейин ишке киргизген эмес, YouTube 2021 – жылы  Shortsту чыгарып экөөсү тең TikTokту көптөгөн жылдарга созулган маалыматтар жана продуктыларды иштеп чыгуу тажрыйбасы боюнча артта калтырды.

TikTok ошондой эле колдонуучулардын кызыкчылыгынан тышкаркы мазмунду үзгүлтүксүз сунуштап турат, бул компаниянын жетекчилиги TikTokтун колдонуучу тажрыйбасы үчүн абдан маанилүү экендигин бир нече жолу айткан.

Өткөн айда Америка Кошмо Штаттары жана Германиядан изилдөөчүлөр  жарыялаган изилдөөдө 347 TikTok колдонуучусунан алынган маалыматтарды талдап чыккандан кийин, TikTokтун алгоритми "сунушталган видеолордун 30 - 50 пайызында колдонуучу кызыккан тармактарды пайдаланганы" аныкталган.

Ал эми, Douyinдин жасалма интелекти компаниянын  Кытайдагы төмөн эмгек чыгымдарынан пайдалануу жөндөмдүүлүгү менен күчтөндү жана платформадагы бардык мазмунду жана колдонуучуларды кылдаттык менен белгилөө үчүн көптөгөн контент аннотаторун жумушка алды.

Маалыматтарды белгилөө үчүн контент аннотаторлорду жумушка алуу жасалма интелект компаниялары үчүн кеңири таралган жана маанилүү тиркеме болуп саналат, ал эми ByteDance бул стратегияны эрте кабыл алган.

«Бул тегдерди иреттөө көп эмгекти талап кылат. Бул бир топ түйшүк" дейт ал, "Ошондуктан кытай компаниялары бул жерде артыкчылыкка ээ. Сиз дагы көп адамдарды жалдай аласыз. Баасы Түндүк Америкалык компанияларга караганда төмөн».

Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us