Adidas жакында АКШдагы Израиль тараптары топтор жана Израиль өкмөтүнүн кысымына баш ийип палестиналык Бела Хадидди жаңы кроссовка кампаниясынан чыгарды жана моделдин көрүнүштөрүн жарнамалардан алды.
Хадид Палестинанын Израилдин оккупациясына ачыкча каршылык көрсөткөн ысым жана Газада күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшүнө каршы көптөгөн жолу сөз сүйлөдү. Израилдин улантылып жаткан согушунда ушул кезге чейин 39 миңден ашуун адамдын каза болгондугун билдирип жаткан.
Нью-Йорктогу асман тиреген имараттарда жана кроссовка гигантынын социалдык медиа аккаунттарында орун алган жарнамаларда Палестина тектүү америкалык модель Adidas компаниясы жаңыдан рынокко чыккан SL72 ретро кроссовкасын кийгендиги орун алган.
Оригинал модель Adidasтын 1972 - жылдагы Мюнхен олимпиадалары учурунда спортчуларга жеңил спорттук бут кийимди сунуштоо үчүн долбоорлонгон “SL” (Super Light) сериясынын бир бөлүгү болгон.
Батыш Германияда өткөрүлгөн бул чоң спорттук иш - чаранын жүрүшүндө Палестинадагы «Кара сентябрь» уюму Израиль командасы болгон жерде рейд жүргүзүп, полиция менен чыккан кагылышууда 11 израилдик каза болгон. Кагылышууда 5 палестиналык жана бир немис полициясы да каза болгон.
Израилдик сынчылар кроссовкалардын тарыхына көңүл буруп, Хадиддин өнөктүктүн жүзү катары тандалышынын антисемиттик экендигин жана "атайылап жасалган болушу мүмкүн" экендигин айтышкан. Бул байланыш супермоделдин Газадагы кыйратуучу согушка каршы позициясы менен байланыштырылды.
Белла Хадид : дайыма бутада
Супермодель биринчи жолу антисемиттик менен айыпталып жаткан жок.
2021 - жылы Хадид Инстаграмдагы түз эфиринде «Дарыядан деңизге, Палестина эркин болот» деген ураан чакырат. Израилдин ал мезгилдеги Х (мурдагы аты менен Twitter) эсеби Хадидди «еврейлерди деңизге ыргытууну жактоо» менен айыптаган.
Израилдин расмий эсебинен берилген маалыматта : «Белла Хадид сыяктуу белгилүү адамдар еврейлерди деңизге ыргытуу менен еврей мамлекетинин жок болушун жактап жатышат»,- деп айтылган.
Бут кийим жарнамасы талаш - тартышынан кийин ошол эле эсеп Хадидди «антисемитизмди жайылтуу жана израилдиктер менен еврейлерге каршы зомбулукту жактаган жарым палестиналык модель» деп аныктаган. «Ал жана атасы еврейлерге каршы кандуу жалааларды жана антисемиттик кутум теорияларын жайылтууну жактап келет»,- деп кошумчаланган. Израилдин билдирүүсү Adidasты да белгилеген.
Хадид өзгөчө Израилди жактаган уюмдар тарабынан да бутага алынды.
«Көптөгөн еврейдин каны төгүлгөн бир олимпиаданы эске салган бир бут кийимди анын жарнамалоосу абдан жийиркеничтүү»,- деди Антисемитизмге каршы кыймылынын башкы директору Сача Ройтман.
Adidasтын нацисттик тарыхы
Бирок кроссовка гигантынын тарыхы өзгөчө Гитлердин нацисттик партиясы менен болгон байланышы абдан жакшы документтештирилген.
1936-жылы Берлин Олимпиадасында көптөгөн немис спортчулары Гитлердин нацисттик режиминин дүйнө жүзү боюнча арийлердин спорттук артыкчылыгын көрсөтүү максатында уюштурулган иш-чарада Adidas компаниясынын Dassler бут кийимдерин кийишкен.
Ал мезгилде бренддин негиздөөчүлөрү Ади жана Руди Дасслер бир туугандар нацисттик партиянын мүчөлөрү болушкан жана каттарына "Хейл Гитлер" деген сөздөр менен кол коюшкан. Бул маалыматтар Барбара Смиттин "Кроссовкалар согушу" (“Sneaker Wars”) аттуу китебинен Time журналынын макаласында үзүндү алынган.
Экинчи Дүйнөлүк согушу учурунда Дасслер бир туугандар кроссовка чыгарууну токтотуп фабрикаларын Panzerchreck (Танк коркуусу) – союздаштардын танктарын жок кылуу үчүн долбоорлонгон танкка каршы курал чыгарууда пайдаланышты.
Adidas нацисттик партия менен мурунку байланыштары тууралуу ушул кезге чейин унчукпай келген. Расмий интернет сайтында спорттук кийимдер фирмасы 1949 – жылдан мурдагы тарыхына орун берген эмес, бул да бренддин расмий негизделген жылы.
Канье Уэст менен ажырашуу кымбатка турду
Компаниянын нацисттик Германия менен болгон байланышы 2022 - жылы да дүйнөгө белгилүү рэпер Канье Уэсттин антисемиттик пикирлери боюнча акырына чыккан кызматташуудан кийин күн тартибине келди.
Канье Уэст эми “Ye” деген ат менен билинүүдө жана бул сөздөрүнөн улам катуу сынга кабылды : «Еврейлерге каршы өлүмчүл кадам жасайм... Мени алаксыттыңар жана мени менен бирдей пикирде болбогондордун баарын четке кактыңар».
Adidas Канье Уэст менен байланышын токтоткондугун жана мунун жылдын биринчи чейрегинде компанияга 246 миллион доллар чыгым алып келгендигин билдирди. Жалпы киреше 1 пайыздык катнашта төмөндөгөн.
2024 - жылы март айында Adidas Уэст долбоорлогон жана башталышында тоңдурулган Yeezy кроссовкаларынан түшкөн кирешенин 150 миллион доллардан ашуунун антисемитизмге каршы күрөшкөн топторго бергендигин же берүүнү пландагандыгын жарыялады.
Бирок, кээ бир сынчылар Adidas компаниясынын бул кадамга "өтө жай" жооп бергендигин белгилешти жана компаниянын бул кыймылды эки жумадан кийин аткаргандыгына көңүлдөрдү бурушту.
«Атайылап» сынга алынды
Белла Хадиддин жарнамасы жарыяланганда бир нече киши Adidas компанияcын «мурдагы каталарынан сабак албоо» менен айыптады. Айрымдары компанияга «сонун антисемиттик болгондуктан мунун жөнөкөй эле бир ката экендигине ишенүү кыйын» деп баа беришти.
Хадиддин Adidas компанияcына каршы коомдук жоопкерчилигинин жоктугунан улам сотко берүү үчүн адвокат жалдагандыгы билдирилди. Аимериканын TMZ көңү ачуу сайтына таяндырылган кабарга караганда Хадид компаниянын «аесуз жана зыяндуу кампания жүргүзгөндүгүн» айтты.
Adidas компанияcы жарнамаларга карата сындарга «байкоосуздан болгон ката» экендигин айтып жооп берди.
«Трагедиядуу тарыхый окуялар менен байланыш түзүлгөндүгүн байкап жатабыз - булар толугу менен атайылап жасалбаса да себеп болгон кандайдыр бир тынчсыздануу жана ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз деп айтылды компаниянын бир билдирүүсүндө.
Билдирүү : «Өзгөчө өнөктөштөрүбүз Белла Хадид, A$AP Nast, Jules Kounde жана башкараларына келтирилген ыңгайсыз абал үчүн кечирим сурайбыз. Компанияны кайрадан карап чыгабыз»,- деген сөздөр аяктаган.
Геноцид менен айыпталган мамлекет
Белла Хадиддин жарнама кампаниясындагы талаш - тартышы Израилдин Эл аралык сотто геноцид менен айыпталган бир мезгилге туш келди.
Өлкөнүн Газага карата кыйратуучу согушунда израилдик жетекчилердин айткан сөздөрү, этникалык тазалоо тууралуу кайрылууларды камтыган. Бул билдирүүлөр араларында Израилдин президенти Исаак Герцог, премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана ашкере оңчул өкмөттөгү башка министрлер баш болгон Израилдин чечим кабыл алуучуларынан келген.
9 - октябрда Хамастын Израилге карата операциясынан кийин Израилдин коргоо министри Йоав Галлант Газага «толук бир курчоо» жарыялап, Израилдин «адам жаныбарларына каршы күрөшкөндүгүн» айтты. Электрлер жарыгынын өчүрүлөрүн жана тамак - аш жана күйүүчү майдын аймакка киришине бөгөт коюларын билдирди.
14 - октябрда Израилдин президенти Исаак Герцог : «Газада күнөөсүз жаран жок»,- деди. Эки жумадан кийин Израилдин премьер - министри Нетаньяху ок атышпоону кабыл албай тургандарын айтып Инжилден бир аяттан үзүндү берди.
«Ыйык китепте : Амалектин сизге кылгандарын эстеңиздер»,- деген Нетаньяху : «Эстейбиз жана согушуп жатабыз... Аскерлерибиз 3 миң жыл мурунку еврей жоокерлеринин мурасчысы»,- деп кошумчалады.
Азыркы учурда 10 – айына кирген Израиль - Газа согушу 2 миллиондон ашуун палестиналыкты үйүнөн ажыратып, көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон 39 миңден ашуун адамды өлтүрдү жана 90 миңден ашуун адамды жаралады.
Геноцидди сындообу же антисемитизмби?
Израилдин Газага каршы согушу антисемитизм аныктамасынын жана Израилге карата кандайдыр бир сындын антисемиттик жек көрүүчүлүктү түзөбү же жокпу деген көптөн бери келе жаткан талаш-тартыштарды кайрадан козгоду.
7 - октябрдан бери Нетаньяху Израилди же саясатын сындагандарды нацисттер менен салыштырган катуу сөздөрдү айтып антисемитизм менен айыптап келди. Бул дискурстар айрымдарынын айтымына караганда термин маанисин жоготуу коркунучунда
Белла Хадид Израилдин аймактагы кыймылдарына каршы атаандашк атары бул айыптоолордун бутасы болгон көптөгөн палестиналыктын бири.
Израилдик тарыхчы Том Сегев AP маалымат агенттигине: «Израилди сындагандардын баары антисемиттик эмес», - деди.
«Мындай сөз антисемиттик жек көрүү экендигин айтканыңызда сынды толугу менен мыйзамсыз кылат жана талкууну бастырууга аракет кыласыз».