Израилдин көпчүлүгү еврей болгон 30га жакын жаранды Иран үчүн тыңчылык кылды деген негиз менен камакка алышы Тегерандын ондогон жылдан бери эң кеңири инфильтрация аракети катары аныкталган бир стратегияны ачыкка чыгарды.
«Бул жерде чоң бир факты бар»,- деди Шин Беттин мурдагы жогорку мартабалуу жетекчилеринен Шалом Бен Ханан. Ханан Ирандын мамлекетке каршы иштөөнү кабыл алган еврей жарандарынын санына көңүлдөрдү бурду.
Булактар менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр, сот материалдары жана расмий билдирүүлөр жумушка алынган адамдар коомчулуктан четтетилген адамдар - жаңы мигранттар, армиядан качкандар жана сексуалдык кылмыштар менен соттолгондор экендигин көрсөтүүдө.
Тегерандын буга чейин ишкерлер жана мурдагы кабинет министрлери сыяктуу жогорку мартабалуу фигураларды бутага алган тыңчылык операцияларынын терсине бул жаңы толкун коомчулуктан четтетилген катмарга багыт алды.
Инфильтрация Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Тегерандын аскердик активдерин жана союздаштарынын лидерлерин бутага алган прокси согушунун курчушу менен ишке ашты.
Бул кол салуулардын арасында Исмаил Ханиййе, Яхя Синвар жана Фатах Шериф сыяктуу жогорку мартабалуу Хамас лидерлери менен Хасан Насраллах, Фуад Шукр жана Хашим Сафиеддин сыяктуу Хамастын жогорку мартабалуу фигуралары орун алды.
Коомчулуктан четтетилүүдөн тыңчылыкка
Полиция жана Израилдин ички коопсуздук агенттиги Шин Беттин айтымында, шектүүлөрдүн кеминде экөөсү Израилдин ультра-православ коомунан болгон.
Октябрь айында Хайфадагы камакка алуулар бул моделди ачыкча чагылдырды; бул биринчи жолу болгон окуя эмес.
Коргоо боюнча талдоочу Хамзе Аттар Ирандын эки башка четтетилген тобу – Азербайжандан келген жаңы мигранттарды жана израилдик араптарды ийгиликтүү эксплуатациялоонун маанисине көңүлдөрдү бурду.
«Бул чоң бир окуя»,- деди жана Ирандын Израиль коомунун негизги агымынан четтетилген бул коомдорго кирүүдө кандай ийгиликтүү болгондугун айтты.
«Израиль кичинекей жана ынтымактуу коом болгондуктан чет элдик тыңчы уюмдары кийлигише албай тургандай көрүнгөн».
Аттардын айтымына караганда Ирандын көптөгөн четтетилген топту «бар» болууга алып келүүсү маанилүү бир чалгындоо жетишкендиги болуп саналат.
Санариптик жумушка алуу линиясы
Иран чалгындоо уюмдары ноябрь айында Израиль полициясы тарабынан жарыяланган эскертүүлөргө караганда потенциалдуу жалдануучуларды социалдык медиа платформалары аркылуу аныктады.
Метод таң калтыра турганчалык жөнөкөй эле - бир израилдик жаранга жиберилген жана Reuters да көргөн бир билдирүү, байланыш маалыматтары үчүн 15 000 доллар убада берилген.
Иран өзгөчө Канада жана АКШда жашаган Кавказ өлкөлөрүнөн келген еврейлердин чет өлкөлөрдөгү желелери менен да байланышты. Израилдин 2007 - жылга чейин иштеген мурдагы тыңчылык боюнча жооптусунун айтымында, дүйнөлүк масштабда коомчулуктан четтетилген еврей коомдорун бутага алган кеңири стратегияны сунуштайт.
«Жалданган кишилерге оболу акча үчүн зыянсыз сыяктуу көрүнгөн иштер берилет, андан кийин жетекчилер жалданган адамдардан жеке адамдар жана аскердик инфраструктуралар тууралуу белгилүү чалгындоо маалыматтарын талап кыла баштайт»,- деди. Операциялар көпчүлүк учурда шантаж коркутуулары менен коштолгон.
Бул бара бара күч алуу стратегиясы Викторссон доосунда такталды.
Шин Бет жана полициянын иликтөөлөрү анын алгач Тель-Авивдеги Хайаркон паркында граффит чачуу, акча жашыруу, плакаттарды илип, унааларды өрттөө сыяктуу негизги иштерди аткаргандыгын, бул иш-аракеттерден 5000 доллардан ашык акча алгандыгын көрсөттү.
Коопсуздук кызматтарынын айтканына караганда андан кийин кол салуулар жана курал – жарак жеткирүү сыяктуу олуттуу операциялар жүргүзүлдү.
Шин Беттин 21 – октябрдагы билдирүүсү бул тыңчылык иштерин «Израиль мамлекети билген эң олуттуу окуялардын бири» катары аныктап кырдаалдын олуттуулугун чагылдырып жаткан.
«Бул кутумдар тууралуу коомчулукка кенен маалымат берүү чечими Израилдин коопсуздук кызматтарынын Иранга жана Израилдин ичиндеги диверсанттарга кармала тургандыгы тууралуу кабар берүү максатындагы бир аракет эле»,- деп билдирди Бен Ханан.
«Элди эскертүүнү каалап жатасыңар жана ошол эле учурда душман менен кызматташуу түзүүнү ойлогон же пландаган адамдарга үлгү болууну каалайсыз».
Израиль көп жылдар ичинде негизги душманы менен жүргүзгөн көмүскө согушунда чалгындоо боюнча чоң ийгиликке жетишти жана буга атомдук илимпоздун өлтүрүлгөндүгү тууралуу айтылгандар да кошулат.
Камоолордон кийин медиада жарыяланган бир билдирүүдө Ирандын БУУнун миссиясы израилдиктерди жумушка алууну каалап же каалабагандыгын ырастаган жок же жалганга чыгарган жок. «Логикалык көз караш» менен караганда Иран чалгындоо кызматтарынын мындай аракеттеринин шектенүүнү азайтуу үчүн ирандык жана мусулман болбогон адамдарга басым жасай тургандыгын айтты.