Дүйнө
3 мүнөт окуу
Японияда "мега жер титирөө" боюнча эскертүү берилди
Япон окумуштуулары коомчулукту сак болууга чакырды.
Японияда "мега жер титирөө" боюнча эскертүү берилди
Японияда "мега жер титирөө" эскертүүсү
hace 4 horas

Япон сейсмологдор өлкөнүн бир күн жүз миңдеген кишинин өлүмүнө жол ачышы мүмкүн болгон «мега жер титирөгө даярданышы» керектигин айтышууда. Бирок бул эскертүү өтө кыска убакытта чоң жер титирөө болот дегенди билдирбейт деп да баса белгилешти.

Япония метеорология коомунун (JMA) эскертүүсү 2011-жылы болгон жана болжол менен 18 миң 500 кишинин өлүмүнө себеп болгон жер титирөө, цунами жана атомдук кырсыктан кийин даярдалган жаңы эрежелердин алкагында жасалган биринчи эскертүү болду.

Эскертүүдө эмне жазылган?

Япония метеорология коомунун «мега жер титирөө эскертүүсүндө» «ыктымалдуу чоң бир жер титирөөдө күчтүү термелүү жана чоң цунамилердин болору» тууралуу эскертүү орун алган.

«Жаңы бир чоң жер титирөөнүн болуу ыктымалы жогору бирок бул белгилүү бир убакыт тилиминде так түрдө чоң жер титирөө болот деген мааниге келбейт».

Бул билдирүү Тынч океандагы эки тектоникалык плитанын ортосунда жайгашкан жана мурда ири жер титирөөлөр болгон Нанкай ойдуңу менен байланыштуу.

Нанкай ойдуңу деген эмне?

800 километр (500 миль) узундуктагы суу астындагы ойдуң Токионун батышындагы Сидзуокадан Кюсю аралынын түштүгүнө чейин созулат.

Бул жерде ар бир кылымда же эки  кылымда сегиз же тогуз баллдык кыйратуучу жер титирөөлөр болуп турат.

Жалпысынан бинардык жер титирөөлөр катары пайда болгон жана "мегатрасттык жер титирөөлөр" деп аталган мындай жер титирөөлөр Япониянын түштүк жээгинде коркунучтуу цунамилерди пайда кылаары белгилүү.

1707-жылы Нанкай ойдуңунун бардык бөлүктөрү бир убакта жарылып, өлкөдө катталган эң чоң экинчи жер титирөөнү жараткан.

Фудзи тоосунун акыркы жолу жарылышына түрткү болгон бул жер титирөөдөн кийин 1854-жылы Нанкайда дагы эки жана 1944 жана 1946-жылдары бирден чоң жер титирөө болду.

Коркунуч канчалык чоң?

 

Япон өкмөтү буга чейин Нанкай ойдуңунда боло турган 8-9 баллдык жер титирөөнүн алдыбыздагы  30 жылдын ичинде болуу ыктымалынын  болжол менен 70 пайыз экендигин билдирген.

Эксперттер эң жаман ыктымал 300 миң адамдын каза болушу мүмкүн экендигин, кээ бир инженерлердин  болсо инфраструктуранын кыйрашынан улам келтирилген зыяндын 13 триллион долларга жетээрин айтышкандарын билдиришти.

Геологдор Кайл Брэдли жана Джудит А Хаббард "Жер титирөө жөнүндө" маалымат бюллетенинде : «Нанкайдагы чоң жер титирөөлөрдүн  тарыхы өтө коркунучтуу»,- деп жазышкан.

"Жер титирөөнү алдын ала айтуу мүмкүн болбосо да, бирөөсүнүн болушу жалпысынан  экинчисинин да болуу ыктымалын жогорулатат",- деп айтышты.

«Келечекте боло турган чоң Нанкай жер титирөөсү эч шексиз тарыхтын көп убакыттан бери күтүлүп жаткан жер титирөөсү жана «Чоң жер титирөө» деген аныктамага жооп берет».

 Эл  канчалык кооптонушу керек?

Япония жер титирөө болгон аймактарда жашаган адамдарды эмеректерин туруктуу жерге коюдан тартып эң жакын эвакуациялык баш калкалоочу жердин ордун билүүгө  чейин жалпы сактык чараларын көрүү боюнча  эскертүүдө.

Өлкөдөгү көптөгөн үйлөрдө бөтөлкөгө куюлган суу, көпкө сакталган тамак-аш, кол чырактар, радиолор жана башка керектүү буюмдар салынган сумкалар да бар.

Бирок дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Брэдли менен Хаббарддын айтымында, бейшемби күнү болгон 7,1 баллдык жер титирөөнүн алдын ала жер титирөө болуу  ыктымалы "абдан төмөн".

"Мисалы, Калифорнияда жалпы эреже боюнча, ар кандай жер титирөөнүн алдын ала шок болуу ыктымалдыгы беш пайыздын тегерегинде."

Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us