Саясат
4 мүнөт окуу
Кытай 75 жылдыгында ички жана тышкы көйгөйлөргө туш болду
Экономикалык, демографиялык жана геосаясий кыйынчылыктарга каршы президент Си Цзиньпиндин улутчулдукка көңүл бурушу, зарыл болгон ички реформаларга көлөкө түшүрүшү мүмкүн
Кытай 75 жылдыгында ички жана тышкы көйгөйлөргө туш болду
8 hours ago

Кытай Эл Республикасы түзүлгөнүнүн 75 жылдыгын Пекиндеги Элдик жыйындар залында салтанаттуу кабыл алуу менен белгиледи. Мурунку жылдардан айырмаланып бул салтанат жөнөкөй өттү жана президент Си Цзиньпин башкаруусундагы өлкөнү күткөн оор күндөрдү символдоп турду.

Си Цзиньпин салтанатта сүйлөгөн сөзүндө, өлкөнүн акыркы кылымдагы жетишкендиктерине токтолуп, алардын прогрессине эч нерсе тоскоол боло албасын айтты.

Бирок жашоонун кымбатташы, калктын карылыгы жана Филиппин менен болгон чыңалуу сыяктуу эл аралык жана ички көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу алдыдагы мезгилдин оор өтө турганын эскертти.

Бул маселелер тарыхый чагылууларды эмес, практикалык жана туруктуу иш-аракеттерди талап кылат. Бирок, Синин стратегиясы мунун ордуна кытай улутчулдугу идеясынын айланасында айланып жаткандай.

Си өз сөзүндө бир нече жолу, Тайвандын материк менен биригишине жана кытай улутунун Гонконг жана Макаодогу “мекендештери” менен кайрадан жандануусуна токтолду. Ал ошондой эле кытай элин ички жана тышкы кыйынчылыктарга каршы туруштук берүүгө чакырды.

Өзгөчө Пекиндин дүйнөлүк экономикага берилгендиги эске алынганда, ичкериде багыт өзгөртүүнүн ордуна улутчул риториканы улантуу; бул эл аралык рынокторду, сооданы жана инвестицияларды солкулдатуу менен глобалдык кесепеттерге алып келиши мүмкүн. 

Кытайдын алдындагы кыйынчылыктар

Кытай бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ири экономикалардын бири. Ошондой эле COVID-19 пандемиясы жана Орусия-Украина согушу сыяктуу соккуларды көтөрө ала тургандай күчтүү эле.

Бирок, көп жылдык экономикалык өсүштөн кийин; кыймылсыз мүлк рыногунун кыйрашы, калктын улгайышы жана жаштар арасындагы жумушсуздуктун өсүшү сыяктуу көйгөйлөрдүн бир эле мезгилде күчөшү прогрессти басаңдата баштады.

Си Цзиньпиндин биринчи кадамы, керектөөчүлөрдүн суроо-талабын жана инвесторлордун ишенимин жогорулатуу үчүн өлкөнүн моралдык маанайын көтөрүү болот.

Муну ишке ашыруу үчүн ички экономикалык өсүштү жакшыраак колдой турган саясий өзгөрүүлөргө баруусу керек.

Мисалы, 2020-жылы ашыкча карыз алууну токтотуу үчүн киргизилген катаал каржы эрежелерин артка кайтара алат, анткени бул кадам экономикада домино таасирин жаратты.

Биринчиден, ата мекендик кыймылсыз мүлк гиганты Evergrande Group 2021-жылы дефолтко учураган. Андан кийин курулуш секторунда жумушсуздук көбөйүп, ички рынокто керектөөчү талабы азайды жана эл аралык аренада экономикалык өсүү графигинин төмөндөшү көңүлдөрдү бурду.

2024-жылы болсо жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли өстү. Си администрациясынын тушунда мурда жаштарды иш менен камсыз кылган каржы жана маалымат технологиялары сыяктуу тармактардын төмөндөшү кеңири жайылган жумушсуздукка алып келип, жаштардын көңүлү чөктү.

Бул көйгөй негизинен президенттин Кытайды технологиялык державага айландыруу аракетинен келип чыкты. Бул максат маанилүү болгону менен миллиондогон кытай жаштарын жумушсуз калтырды.

Кытай ошондой эле демографиялык көйгөйгө туш болууда. Өлкө акыркы жылдары төрөлүүнү көбөйтүүгө аракет кылып жатат, бирок Си Цзиньпин 2021-жылы ишке киргизген “Үч бала саясаты” үзгүлтүккө учурады.

Бул саясат, өзгөчө Кытайдын айылдарында жашоонун кымбатташы, универсалдуу билимге жетүүнүн жоктугу жана кыймылга чектөөлөр сыяктуу ички экономикалык кыйынчылыктардан улам терс натыйжа берүүдө.

Түштүк Кытай деңизи

Кытай экономикасына урулган дагы бир сокку Филиппиндин талаштуу Түштүк Кытай деңизиндеги аскердик машыгууларынан улам келип чыккан чыңалуу болуп саналат.  

Жаңы көрүнүш болбосо да, Кытайдын аймактагы деңиз соодасы 2024-жылга карата анын жалпы соодасынын 64 пайыздан ашыгын түзөт жана учурда Америка Кошмо Штаттарынын жана анын Филиппин сыяктуу союздаштарынын катуу милитаризациясынын олуттуу коркунучу алдында турат.

Президент Си бир жагынан өлкөнүн региондогу үстөмдүгүн сактап калуу үчүн АКШга жана анын союздаштарына каршы чыгууга аракет кылып, экинчи жагынан күчөп жаткан ички экономикалык тынчсыздануулардын шартында соода стабилдүүлүгүн сактоого аракет кылууда.

Бул эки мамиленин бири-бирине шайкеш келиши мүмкүн эместей.

Кытайдын буга чейин Филиппин менен сүйлөшүүлөргө артыкчылык бергени чын болсо да, Синин Манилага карата согушчул риторикасын жумшартуусу маанилүү. Ошондо гана пикир келишпестиктердин ордун чечүүгө багытталган дипломатиялык аракеттер ээлеши мүмкүн. 

Глобалдык тобокелдиктер

Президент Си экономиканы чыңдоого артыкчылык бербесе эл аралык тобокелдиктер күчөйт.

Мисалы, кыймылсыз мүлк секторундагы зарыл болгон жөнгө салуулардын ишке ашырылбашы эл аралык сооданы алсыратат. Ошо сыяктуу эле, жаштардын жумушсуздугун жумуш орундарын түзүү сыяктуу чаралар менен чечпесе, эл аралык инвесторлордун Кытай экономикасына болгон ишенимине терс таасирин тийгизет.

Элдин кирешесинин төмөндөшү да чет элдик товарларга ички суроо-талаптын азайышын билдирет. Бул Пекиндин соода өнөктөштөрүнүн ички экономикасына дагы бир кысымды жаратат.

Кытайдын экономикалык жактан туруктуу өлкө катары профилин бекемдөөсү үчүн Си Цзиньпиндин өкмөтү ички көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган практикалык чараларды камтыган стратегиялык көз карашты кабыл алышы керек.

Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us