Оорулардын аталышындагы расизм
Дүйнө
3 мүнөт окуу
Оорулардын аталышындагы расизмАтоо сыяктуу жөнөкөй нерсе бүтүндөй калкка кантип таасир этиши мүмкүн? Бул бөлүмдө биз коомдук саламаттык сактоодогу аттардын артындагы жашыруун күчтү жана алардын коомдук жүрүм-турумга, басмырлоого жана стигмага кандайча таасир этерин изилдейбиз. Биз аталыштын глобалдык саламаттык сактоодо сиз ойлогондон да маанилүү экенин түшүнүү үчүн mpox вирусунан баштап «испан тумоосуна» чейин, жада калса COVID-19га чейинки реалдуу мисалдарды карап чыгабыз.
10 ore fa

2024-жылдын сентябрында Дүйнөлүк Cаламаттык сактоо Уюму, же ДССУ, mpox вирусунун жаңы варианты боюнча глобалдык коомдук саламаттык сактоодогу өзгөчө кырдаалын жарыялады. Вирус Конго Демократиялык Республикасында жана коңшу африка өлкөлөрүндө тездик менен жайылып, дүйнөлүк тынчсызданууну жаратты. Эми сиз «Бул мурда башкача аталчу эмес беле?» деп сурашыңыз мүмкүн. Ооба, туура. Бул оору мурда маймыл чечеги деп аталып, жайылып кеткен.

 

Коомдук саламаттык сактоо адистеринин, өзгөчө Африкадан келген басымдын натыйжасында, ДССУ 2022-жылдын ноябрында вирусту расмий түрдө «mpox» деп кайра атады. Бул кадам жөн гана илимий тактык маселеси эмес эле - бул оорулардын аттары менен көп байланышкан стигманын, расизмдин жана басмырлоонун алдын алуу үчүн атайын жасалган аракет болчу.

 

Эмне үчүн аттар маанилүү? Аттар терең маанилерге ээ болушу мүмкүн, кээде коркунучтуу стереотиптерди бекемдейт. Mpox жөнүндө биринчи жолу кабарланганда, онлайн форумдар ооруну африка элдери менен байланыштырган расисттик пикирлерге толуп кеткен. The Lancet медициналык журналы бул стигманын канчалык зыяндуу болушу мүмкүн экенин белгиледи. Бул адамдарды зарыл медициналык жардам алуудан, эмдөөдөн же дарылануудан баш тартууга түртөт, бул баары үчүн коркунучту жогорулатат.

 

Оорулардын географиялык жерлердин же адамдардын топторунун аты менен аталып, көбүнчө зыяндуу кесепеттерге алып келген узак тарыхы бар. Көрүнүктүү мисалдардын бири «испан тумоосу». Бул 1918-1920-жылдардагы H1N1 пандемиясы болгон. Атына карабастан, «испан тумоосу» чынында Испанияда башталган эмес. Анын АКШнын Канзас штатынан чыккандыгы божомолдонот. Испания жөн гана ал жөнүндө ачык кабарлаган, анткени Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда бейтарап болгон, ал эми башка өлкөлөр жаңылыктарды жашырып келген. Натыйжада пандемия көбүнчө Испания менен байланыштырылып калган.

 

Ооруларды адамдардын же жерлердин аты менен атоо тарыхый жаңылыш көз караштарды да бекемдеши мүмкүн. Мисалы, Даун синдрому качандыр бир кезде «монголизм» деп аталып калган. Аны өзгөртүүгө көп жылдар кеткен өтө кемсинтүүчү термин болгон. Генетиктер жана коргоо топтору бейтарап, так тил үчүн күрөшкөндө гана биз Даун синдрому деген атты кабыл алдык.

 

Жакынкы мисал 2020-жылкы COVID-19 менен байланыштуу. АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп жаңы коронавирусту бир нече жолу «кытай вирусу» же «кунг тумоосу» деп атаган. Анын сөз тандоосу чоң реакция жаратып, сынчылар аны расизм менен ксенофобияны козутууда деп айыпташты. Пандемия учурунда АКШда азиялыктарга каршы жек көрүү кылмыштары тууралуу кабарлар кескин көбөйдү. 2020-жылдын мартынан 2021-жылдын июнь айына чейин Stop AAPI Hate уюму азиялык америкалыктарга каршы 9,000ден ашык басмырлоо жана зордук-зомбулук окуяларын каттаган.

 

Жыйынтык

 

Биз колдонгон тилдин реалдуу натыйжалары бар.The Lancet 2022-жылдагы макаласында вирустарды жана башка ооруларды атоодо жоопкерчиликтүү болушубуз керектигин айтты. Mpox вирусунун атын өзгөртүү - бул туура багыттагы кадам, бирок ден соолук боюнча талкуулар адилеттүү, так жана калыс болушу баарыбыздын колубузда. Бул бөлүм үчүн айтаарыбыз ушул. Көңүл бурганыңыз үчүн рахмат жана кийинки бөлүмгө чейин ден-соолукта болуп, ар нерседен кабардар болуңуз!



Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us