ЗУЛАЛ СЕМА
Жаш бала Стамбулдун так эле ортосунда жайгашкан Капалычаршынын тарыхый коридорлорунда, келечегин белгилей турган кооз көрүнүштөр, үндөр жана жыттардын ичинде, дүкөндөр менен устаканалар лабиринтин аралап чоңойду.
Баштык өндүрүүчүлөрүнүн устаканаларынан чыккан булгаары жыты абага көтөрүлүп жыпар жыттар менен аралашып кетчү.
Кадам сайын соодагерлер менен усталардын саламдашуулары жаңырып, бул да меймандос жана жылуу чөйрөнү тузуп турчу.
Хакан Угур каада - салтка толгон дүйнө менен таанышкан учурда он жашында эле. Стамбулдун ар бир дүкөнүнүн, көчөсүнүн ачылууну күткөн бир баяны бар эле.
26 жашына келген Угур TRT Worldга : «Максатым адамдардын ойлонуусун, өнөрүн жана өнөрдүн артындагы сезимдердин баалуулугун билишине салым кошо турган бир нерсе чыгаруу эле»,- дейт.
Бир убактар Стамбулда жүздөгөн салттуу чеберлер болгон; азыр болсо Капалычаршыдагы устаканалар бир убактар абдан жандуу болгон сооданын бир гана көлөкөсү болууда. Татаал жана кылдат чеберчиликтин ордун завод - фабрикаларда өндүрүлгөн продукциялар алды.
Угурдун чыгармалары Дирилиш : Эртугрул жана Кудс фатихи Селахаддин Эййуби сыяктуу популярдуу сериалдар менен көңүлдөрдү бурду.
Угур бул тарыхый драмалык сериал үчүн 14 - кылымга таандык калкандардын жана кылычтардын көчүрмөлөрүн жасоого жардам берди.
Салттуу кооздоо оймочулук өнөрүнүн чебери болгон Угур бул өзгөчөлүгү менен кылымдар мурун келген чеберчиликти жашатууга аракет кылган аз сандагы чеберлердин бири болду.
Усталарынын көпчүлүгүнүн башка шаарларга көчкөндүгүн жана ушундайча Капалычаршыда жана Эминөнүнүн түштүгүндөгү Чакмакчылар дөңсөөсүндөгү 17-кылымга таандык тарыхый мейманка болгон Бүйүк Йени Ханда бул өнөр менен иштеген эң жаш чебер экендигин белгилейт.
Жаш баланын салттуу искусство сахнасына кантип сүңгүп кеткени өзүнчө бир окуя.
Эски шаардын кучагында
Угур кол өнөрчүлүккө терең берилген үй - бүлөдөн чыккан. Өнөргө карай баскан жолу бир кокустук эмес, тескерисинче бир жол көрсөтүүчүнүн коштоосунда чыккан жол эле. Же ал азыр ушинтип ойлойт.
Азырети Ибрахим тууралуу айтылган аңгемелер менен белгилүү Урфада төрөлүп, өмүрүнүн бир канча жылын бул жерде өткөрөт. Үй - бүлөсү 2008 - жылы Стамбулга көчүп келет. Угур теңтуштары сыяктуу Ортакөйдөн Стамбул босфоруна карап отуруп же Чамлыжа дөңсөөсүндө убакыт өткөргөн жок. Ал дароо эле Капалычаршыга келди.
«Стамбулдагы үчүнчү күнүмдө мен базарга келдим»,- дейт. Ал азыр да абдан жаш көрүнөт ошондуктан аны бир жаш жигит деп айтууга болот.
Жездеси Исмаил Бүлбүл кол өнөрү боюнча чебер болгон жана Угурду өз устаканасына алат.
Угур ал жерде калемкаарлык башкача айтканда оймо оюу жана садекарлык тактап айтканда асыл таш устасы менен таанышып, чебердик жолчулугунун пайдубалын түптөдү.
Теңтуштары көптөгөн саат футбол же видео оюндарын ойносо Угур татаал дизайндардын сыйкырына кирип, тажрыйбалуу усталар менен маектеше баштады.
Угурдун чыгармачылык жолу Капалычаршыдагы бул алгачкы күндөрү кылымдардан бери колдонулуп келген техникалардын чеберлеринин арасында башталды.
Капалычаршы ал үчүн базардан башка мааниге ээ эле; бул жер ал үчүн жашаган, дем алган бир класс сыяктуу эле. Угур : «Ал эл көп болгон көчөлөрдө кудум бир аңгеменин негизги каарманы сыяктуу басканымды эстеймин. Ар бир соодагер, ар бир дүкөн ээси мени таанычу. Пери жомогундай бир атмосфера бар эле. Жаңы булгаарынын жыты, терезелердеги алтын түстөр, балка үндөрү... Баары адамга шык берген нерселер эле»,- дейт.
Угурдун баскан жолу көнүмүш болгон адаттан башка эле. Балалыгын тышта ойноп өткөрүүнүн ордуна ишти бир уста чебер болгон жездесинен үйрөнүп жаткан. Салттуу оймо оюу өнөрү менен да жездеси тааныштырган.
Каада - салт жана өнөрдү айкалыштыруу
Угурдун чыныгы ышкысы Осмон империясынын металл оюу өнөрү болгон калемкаарлыкта эле. Ислам салтына негизделген бул кол өнөрчүлүк тактыкты жана чыгармачылыкты талап кылган.
Бул кол өнөрчүлүк көбүнчө табияттан жана руханияттан шыктанган геометриялык фигураларды же гүл оймолорун колдонуу менен металл беттерине татаал оюуларды тартууну камтыйт.
Угурдун алгачкы эмгектери жупуну болсо да ал көп кылымдардан бери келе жаткан салттарды заманбап түшүнүк менен айкалыштырып бул бай, татаал дизайндарды тез арада репертуарына кошо алды.
Кылымдарга жайылган түрк жана ислам гильдия салты болгон Ахи уюмунун рухунан абдан шыктанганын айтат.
Угур устасынын өзүнө : «Иштин 90 пайызы адеп - ахлак; 10 пайызы гана эмгек»,- дегенин эстейт. Бул чечкиндүүлүк менен байланыштуу бир ураан.
Бул философия оймо оюуга болгон мамилесинин негизи болду. Цехинде кандайдыр бир чыгарманын баалуулугу анын жасалышында эмес, аны чыгарган өнөрпоздун мүнөзүндө экенин баса белгилейт.
Бул процесс техникалык адистик менен руханий түшүнүктүн ортосунда тең салмактуулукту сактоону билдирет; нравалык максат сезими ар бир көркөм чыгармага сиңирилет.
Угурдун өнөрү бир тармак менен эле чектелүү эмес. Угур өзүн металлдар менен татаал оймолор менен кооздолгон бир оймо - чийме тармагында өнүктүрдү.
Угур оюу жана кооздоо иштерин айкалыштырып, зергерчилик жана декорациялык буюмдарды жандандырды.
Угурдун эмгектерин айырмалап турган нерсе – анын техникалык чеберчилиги гана эмес, ар бир өндүрүш процессинин артындагы окуя.
Жөнөкөй шакек болобу же салтанат кылычы болобу Угур ар бир жасаган ишине тарых жана руханият сезими менен карайт. Ал көбүнчө руми жана чинтемани сыяктуу Осмон мотивдеринен шыктанган.
«Эң таасирдүү чыгармаларым дизайндардан, реалдуулуктан символдуу чыгармалар»,- деген Угур ошол эле учурда осмондук дизайн принциптеринин кемчиликсиздикти толук ачып берүүдөн алыс турушунун да таасирдүү экендигин айтат.
«Биздин салтыбызда кемчиликсиздикти Кудайдын гана жарата аларына ишенебиз. Биз, өнөрпоздор ал кемчиликсиздикти абстракттуу түрдө чагылдырабыз».
Угур : «Оймо – чийме 300 – 500 жылдан бери келе жаткан өнөр эмес. Дээрлик адамзат тарыхынчалык эски. Бул өнөрдүн тегин байыркы үңкүрдөгү сүрттөрдө, таш оймолорунда жана ал түгүл Египет эстеликтеринде да көрүүгө болот. Бир из калтыруу биздин табиятыбызда бар. Мен колдонгон каражаттар да миң жыл мурун болгондой абдан жөнөкөй. Бир гана бир балка жана кескичти колдономун. Заманбап технология жок. Кээде иштин татаалдыгына карата бир тиш чукугучту да колдоно аламын»,- дейт.
Бул философия өзгөчө башка дүйнөлөргө таандык сыяктуу көрүнсө да куштар, гүлдөр жана көк асман дизайндары сыяктуу байыркы көркөм формалар иштелген чыгармаларынын көпчүлүгүндө жанданып жаткандай.
Угур өзгөчө бул философия менен дүйнөнүн да көңүлүн бурду.
Стамбулдун кол өнөрчүлүк салты
Угур белгилүү эмаль зер буюмдарынын дизайнери Берна Туранчы менен кызматташып, 300 жылдан бери күтүп жаткан Сулеймание Иши көркөм өнөрүн кайрадан жандандырды. Бул өнөр Вена жана Осмон эстетикасынын уникалдуу айкалышы катары Сулейманиеде пайда болгон.
Бир убактар Сүлейманиенин так эле ортосунда пайда болгон бул өнөр Стамбулдун жандуу турмушунун татаалдыгын чагылдырууда. Бирок устаканалардын 1970 - жылдары Рами өнөр жай аймагына көчүрүлүшү менен бирге мезгил ичинде унутулат.
Бул жердеги биринчи долбоор болгон капкактуу жез табак доорду аныктаган чыгарма болду. Карагай чайырынын формасында жасалган табактын жез туткасына кум куюу ыкмасы менен форма берилип, 24 караттык алтын менен капталган.
Эмаль менен капталып 900 градустук меште кармалган жез тарыхта буга чейин жасалган ушуга окшош эмгектин тактыгын чагылдырган айнек сымал тунуктукка жетишти.
Угур : «300 жылдан бери эч ким буга батына алган жок. Биз, оригиналдуу түрдө кайрадан жандандырдык»,- деди.
Да Винчиден Сезгинге чейинки илхам булактары
Угурдун көңүлдөрдү бурган чыгармаларынын бири Стамбул техникалык университетинин (ИТУ) 250 жылдыгына карата жасаган чоң астролябия болду.
«Астролябия бир гана курал эмес ; илим жана өнөрдүн арасында бир көпүрө жана ислам аалымдарынын гениалдуулугуна болгон таазим».
950 жылдык бир дизайнды кылдаттык менен кайрадан иштеп чыккан Угурдун бул астролябиясы университеттин жаңы пейзаж аянтынын негизги чыгармалары болду.
Угур Стамбул техникалык университети үчүн жасаган эмгектери менен бирге Фуат Сезгин жылы үчүн 2019 - жылы Кувейт Түрк үчүн астролябдардын чектелген сериясын долбоорлогон. Бул эмгектер ислам илими тарыхында белгилүү окумуштуу болгон Фуат Сезгиндин элесин жашатуу максатында жасалды.
Угурдун Кувейт Түрк банкынын престиждүү кардарлары үчүн кол өнөрчүлүгү менен жасалган 150 эмгектин ар бири ислам салтынын илимий мурасын заманбап өнөрчүлүк менен бириктирди.
Угур : «Бул эмгектер менен өткөн күнгө сый көрсөтүү менен бирге тажрыйбамды заманбап кол өнөрчүлүккө да өткөрүүнү кааладым»,- дейт.
Угур краьерасында маанилүү бир бурулуш жери болгон бул долбоор менен ислам мурасына болгон кызыгуусун заманбап өнөр менен бириктирген болду.
Леонардо Да Винчи жана Винсент Ван Гогдун чыгармачыл көз карашынан шыктанган Угур классикалык таасирлерди заманбап түшүндүрүүлөр менен айкалыштырган көз карашты сунуштайт.
Угур : «Да Винчинин чыгармаларына катмар түрүндө маанилерди жайгаштыруу жөндөмдүүлүгү менен да эмгектеримде чагылдырууну максат кылган нерсе»,- дейт.
Бул философия анын Реносанс өнөрүнө көрсөткөн сый мүнөзүндөгү «Көздөр калп айтпайт» деген жыйнагынын негизин түзөт.
Салттуу техникаларды заманбап эстетика менен айкалыштырган Угур күмүш, жез жана алтын сыяктуу баалуу материалдардын үстүнө майлуу боёк менен иштелген көз фиграларын көркөм чыгармага айландырды.
Угу : «Ар бир кесим жөн гана асыл таш эмес; бир сезимдин, түшүндүрүүнү күткөн бир аңгеменин чагылдырылышы»,- дейт.
Мурасты келечекке алып баруу
26 жаштагы Хакан Угур устаканасын 2024 - жылы Бүйүк Валиде Ханда ачты. Бирок Угурдун WM Design устаканасына жетүү үчүн оболу Капалычаршынын ичинен өтүшү керек.
Угур устаканасын таанытып жатып : «Хан Стамбулдун эң кооз көрүнүшүнүн бирине карап турат»,- дейт.
Таш дубалдар менен аркалардын арасынан өтүп баратып да буларды кошумчалады : «Кээде бул жерде менден мурда иштеген кол өнөрчүлөрдү жана маанилүү инсандар тууралуу ойлономун. Өзүмдү убакыт саякатына чыккан бир өнөрпоз катары сеземин».
Бүйүк Валида Хан Стамбулдагы эң чоң соода борборлорунун бири. Ичинде орун алган Ирен мунарасы мистикалык бир атмосфера жана тарыхый бир тереңдикти сунуштайт.
Угур бул жердин императорлук мезгилге байланыштуу кызыктуу бир маалыматты бөлүшүп : «Осмон империясы тарыхынын эң күчтүү аялдарынын бири болгон Көсем султандын бул жерде жыйырма сандык алтын казынасын сактагандыгы айтылууда. Анын өлүмүнөн кийин бул чоң казына мамлекетке өтүптүр»,- деди.
Бул Угурдун жашыруун устаканасына Осмон империясынын көркөмдүгү жана мурасы сыяктуу бир катмарды кошууда.
Угур алгачкы эл аралык оймочулук көргөзмөсүн 2017 - жылы Эскишехирде өткөрдү. Экинчи көргөзмөсүн 2019 - жылы, Стамбулдагы 350 жылдык Хүнкар Касрында өткөрүп, оймо жана томбак чыгармаларын келген конокторго тартуулады.
Андан кийинки көргөзмөсүнө даярданган Угур өзүнүн гана келечегин эмес, үйрөнгөндөрүн кийинки муундарга кандай өткөрөрүн да ойлоп жатат.
Угур : «Азыркы учурда 15 окуучум бар бирок дагы көп кишиге бул өнөрдү үйрөтүүнү каалаймын. Бул өнөр кылымдардан бери жашап келет. Биз да аны келечектеги кылымдарга алып баруубуз керек»,- дейт.