18-кылымга таандык тарыхый имаратта жайгашкан жана мурда аскердик казарма катары колдонулган Рами китепканасы 2023-жылы ачылган. Китепкананын ичинде иш алып барган «Шифахане» аттуу реставрация борбору Түркиянын кол жазмалар мекемесинин алдында иштейт.
«Китеп ооруканасы» деп да аталган шифаханеде Осмон түркчөсү, арабча, фарсча, ивритче жана орусча сыяктуу ар башка тилдерде жазылган миңдеген жылдарга таандык сейрек эмгектер калыбына келтирилүүдө. Айрыкча, Ливан сыяктуу өлкөлөрдөн да реставрация үчүн чыгармалар кабыл алынат.
Шифаханенин башчысы доктор Нил Байдар TRT World телеканалына берген маегинде реставрация процессинин хирургиялык кийлигишүүгө окшош экенин айтып: «Кол жазманын туура жасалышы эң негизги фактор. Чыгармаларга зыян келтирбестен эл аралык стандарттарга ылайык иштейбиз»,-деди.
Эксперттер Исламдын алгачкы доорлорундагы Курандын сейрек нускаларынан тышкары, белгилүү фикх аалымы Ахмед бин Ханбалдын хадис илими боюнча жазган 1069 жылдык «эл-Илел ва Ма’рифетур-Рикал» аттуу эмгегин да калыбына келтирүүдө. Бул эмгектин дүйнөдөгү жалгыз белгилүү көчүрмөсү Сүлеймание китепканасында.
Китептерди калыбына келтирүү процесси
Шифаханенин адистери TRT World каналына ар бир баракчаны сактоодо колдонулган процесстин деталдарын айтып, реставрация жана консервация иштеринин түйшүктүү иш болгонун кошумчалашты.
Калыбына келтирүү жараяны артефакттарды деталдуу документтештирүү менен башталат. Эксперттер чыгармаларды жасоодо колдонулган материалдарды жана техникаларды карап чыгышат. Андан кийин барактар нымдуулук, козу карындар, курт-кумурскалар жана табигый картаюу сыяктуу факторлордон келип чыккан зыяндардан тазаланат.
Ар бир бет чаңдан, кирден жана тактардан тазалангандан кийин, кичинекей жыртыктар табигый чаптамалар менен оңдолот. Тиешелүү калыңдыктагы колго жасалган жапон кагазы бузулган жерлерге жабыштырылып, бастырылат. Калыбына келтирилген барактар китеп формасына бириктирилет. Бул процесс кээде айларга созулушу мүмкүн.
Адис Мебруре Ипек Йүксел реставрация процессинин «эң маанилүү этап» болгон документациядан башталганын, бул этапта жазуу үчүн колдонулган материалдарды жана ыкмаларды үйрөнүшкөндөрүн айтты.
Оорукана Европадагы эң жабдылган калыбына келтирүү борборлорунун бири болуп эсептелет. Химик инженерлер, химиктер жана биологдордон турган 80 адамдан турган эксперттик топ акыркы технологияны колдонуу менен иштейт.
Dоктор Нил Байдар Түркияда профессионалдык реставрация иштеринин 2012-жылы башталганын жана технология менен бирге бул тармактагы мүмкүнчүлүктөрдүн да өнүгүп кеткенин баса белгиледи.
Рами китепканасындагы шифахане өткөндүн изин калтырган сейрек кездешүүчү эмгектерди келечек муундарга жеткирүү үчүн кылдаттык менен иштейт. Кылымдар бою көмүскөдө сакталып келген маалыматтар адистердин жан аябас аракети менен кайрадан жанданууда.
/