Дүйнө
4 мүнөт окуу
Дайынсыз жоголгон муун: гаитилик балдар бандалардын колуна кантип түшүүдө?
Өлкөдө өкүм сүргөн саясий туруксуздук жана кеңири жайылган жакырчылык балдарга аз мүмкүнчүлүк берүүдө.
Дайынсыз жоголгон муун: гаитилик балдар бандалардын колуна кантип түшүүдө?
Гаитилик балдар бандалардын колуна кантип түшүүдө?
5 hours ago

 Гаитинин борбору Порт-о-Пренсте жашаган 16 жаштагы өспүрүм Адам укуктарын изилдөө уюмуна  14 жашында Village de Dieu (Кудайдын айылы) кылмыштуу уюмга кошулганын айтты.

«Уюмга кошулгандан мурда апам менен жашачумун... Тамак  - аш жана кийим табуу чындыгында кыйын болчу. Үйдө тамак  - аш жок эле. Бирок уюмда жок дегенде тамак  жечүмүн»,- дейт ал.

Бул жеке жашоонун баяны эмес.

Кариб өлкөсү  2021 -  жылдан бери хаос ичинде. Бандалар борбор шаарды жана башка жерлерди колго алып азык  - түлүк жана медициналык каражаттардын катастрофалык жетишсиздигине жол ачты.

Гаитиде көп сандаган бала мамлекеттин кулашы менен борбор шаардын көзөмөлүн колго алган жана коргоосуздарды эксплуатациялаган зордукчул бандалардын катарына кошулууда.

"Жакырчылык, тартипсиздик жана мыйзамсыздык Гаитидеги балдарды куралдандырган кылмыштуу топтордун негизги факторлору", - дейт эл аралык саясат боюнча профессор Амаленду Мисра.

Мисра кагылышуулардан улам жетим болгон көптөгөн баланын ачкачылыктан кутулуунун бир гана жолу катары бандаларга кошулгандыгын айтты.

ТРТ Worldга берген билдирүүсүндө : «Балдардын бандаларга кошулушуна токоол боло турган мыйзамдуу бийлик болбогондуктан бандалар эч бир жаза албастан ишин улантууда»,- деди.

Кылмыштуу топтор жалпысынан балдарга тамак аш, коргоо жана башка убадаларды берүү менен жакындап жатат. Башка жолу болбогон көптөгөн бала алардын тузагына түшүүдө.

Бул кылмыштуу топтор коркутуу менен башкарат; уурдоо, талап  - тоноо жана катуу аймактык согуштар сыяктуу кылмыштарды кылышат. Кийлигише ала турган өкмөт болбогондуктан бул топтор эми Порт-о-Пренстин дээрлик 80 пайызын колго алды.  

Мыйзамсыз мамлекет

Гаитинин мыйамсыздыкка жетелениши өзгөчө 2021 -  жылы мамлекет башчысы Жовенел  Моистин өлтүрүлүшү менен ылдам жана кыйратуучу болду.  Анын өлүмүнөн кийин пайда болгон бийлик боштугунан улам борбор шаардын көпчүлүк бөлүгүн бандалар басып алышты.

Бул жерлерде жашоо зордук-зомбулукка негизделген. Адам уурдоо,  талап -  тоноо  жана куралдуу кагылышуулар кадимки көрүнүш.

Балдар ар дайым коркунучта жана мамлекет аларды коргоодо алсыз болууда.

Жардам берген уюмдар ; ачкачылык жана ашыкча жакырдыктын көптөгөн үй  - бүлөнү үмүтсүздүккө жетелегендигин жана ушунун айынан кылмышкерлердин эксплуатациясы болгондугун билдиришти.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, Гаити калкынын жарымынан көбү курч тартыштыкка туш болуп, бул кырдаалдан эң көп балдар жабыркоодо.

Мисра : «Жыйынтык катары жашоо үчүн күрөштө ата – эенелер да балдарынын бандаларга кошулушун көрбөстүккө салышууда»,- дейт.

Эксперттер Гаитидеги экономикалык кризистин күчөшү менен бирге бул кадамдын акыркы эки жылда бир кыйла өлчөмдө начарлагандыгын белгилешти.

10 жаштагы балдар курал ташууга жана зомбулукка катышууга мажбур болууда. Көпчүлүгү аны аткарбай тургандыгын айта албайт анткени ачкачылык жана зомбулук аларга башка мүмкүнчүлүк бербей  жатат.

Сексуалдык зомбулук тынчсыздандыруучу деңгээлге жетти

Саясий туруктуулук жана коомдук тынчтык болбогон чөйрөдө бандалардын жайылышы менен бирге сексуалдык зомбулук тынчсыздандыра турган деңгээлге жетти.

БУУнун Адам укуктары кеңсесинин март айында жарыялаган отчетунда өлкөдөгү сексуалдык зомбулуктун «билдирилбегендиги жана кылмышкерлердин жаза албагандыгы» белгиленип, банда мүчөлөрү кылган көп сандаган зордуктоо окуялары документтештирилди.

Аялдар менен кыздар коркунучтуу зомбулуктарга дуушар болууда анткени бандалар көзөмөлгө алуу жана террор жүргүзүү үчүн муну тактика катары колдонууда.

Мисра : «Кыздар сексуалду кулчулукка мажбурланууда, «лагерлерде» тазалык жана тамак бышыруу сыяктуу жөнөкөй иштер берилип жатат. Эркек балдар болсо көзөмөлдөөчү же тыңчы катары машыктырылууда. 

Укук коргоо органдары тарабынан бутага алынуу ыктымалы аз болгондуктан да полицияга каршы алдыңкы сапта согушууда»,- дейт.

«Бирден көп банда мүчөсү тарабынан сексуалдык зомбулукка учураган кыздар боюна бүтүүдө же жыныстык жолдор менен жуккан ооруларга дуушар болууда. Кош бойлуу экени билингенде лагерден чыгарылып сойкулукка мажбурланууда»,- дейт Мисра.

Бул зордук-зомбулуктун кесепеттери физикалык зыян келтирүүдөн башка жабырлануучуларда терең психологиялык жарааттарды алып келет жана ансыз да аялуу болгон кишилерди дагы да дестабилдештирүүдө.

Чек тааныбаган дарыгерлер зомбулукка кабылган же зомбулукка мажбурланган балдарда олуттуу психикалык көйгөйлөрдү аныктады. Көпчүлүгү травмадан кийин стресстен (PTSD), депрессиядан жана тынчсыздануудан жапа чегишүүдө.

Бирок психикалык саламаттык кызматтарынын азыр да абдан чектүү жана дайыма зомбулук коркунучу астында жашаган балдарга жетеринче көңүл буруу дээрлик мүмкүн эмес.

Кыйраган билим берүү системасы

Көптөн бери баш калкалоочу жер болуп эсептелген мектептер башаламандыктан кутула алган жок. Гаитинин ансыз да алсыз болгон билим берүү системасы  кыйроо алдында турат.

Бандалардын көзөмөлүндөгү аймактарда көптөгөн мектеп жабылууга мажбур болуп мугалимдер  дайыма зомбулук жана талап - тоноо коркунучу менен жашап жатат.

Гаитинин Билим берүү министрлиги айрым мектептердин мөөнөтсүз жабылганын жана миңдеген баланын билим алууда артта калгандыгын билдирди.

Мектеп болбогондуктан балдар жакырчылыктан кутулуу үчүн ээ болгон аз сандагы мүмкүнчүлүктүн бирин жоготушууда.

Билим берүүнүн кемчилиги бул кризисти тереңдетүүдө жана балдардын бандалардын колуна түшүүсүнө себеп  болууда.

Мисра : «Бул зомбулук чөйрөсүндө жашаган эркек бала чоңойгондо аёсуз кылмышкер болот»,- деди.

Бул балдардын көпчүлүгү атаандаш бандалар менен же полиция менен болгон кагылышууларда каза болууда.

Кризистин күч алганына карабастан эл аралык коомчулуктун реакциясы жай болду.

Эксперттер эгер дүйнө бул абалга көз жума турган болсо, гаитилик балдарга келтирилген зыяндын орду толгус абалга келери боюнча эскертишүүдө.

Иликте
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
Coupes-coupes: Чадда француз кыргынынын кайгылары
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
Дүйнөлүк масштабда 1000ден ашуун илимпоз Газада ок атышпоого чакырган ачык катка кол ойду
2024 – жылдын БРИКСтын өсүшү үчүн бурулуш жери болушунун себеби
Ливандын Сирия таасиринен кутулушу үчүн узак жол
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Палестиналык бир дарыгер Газадан кетүүнү четке каккандан кийин Израиль абагында каза болду
Түркия  Кытай жана АКШны артта калтырып учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер болду
Израилдин геноцид согушу мусулмандардан кийин христиандарды да жок кылууда
Дания Арктикадагы күчүн бекемдөө үчүн 2 миллиард долларлык аскерий колдоону жарыялады
Швейцария палестин тектүү америкалык журналист Али Абуниманы эркин кое берди жана депортациялады
Президент Эрдоган: Ливандагы ок атышпоого канааттанабыз
OpenAIдин медиа компаниялар менен болгон келишимдери журналисттерди адаштырышы мүмкүнбү?
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us