Миң жыл мурда дүйнөнүн радиусун эсептөө абдан көп кыял күчүн талап кылган. Бул сандык ийгиликке жетүү үчүн тригонометрия жана алгебраны бириктирген киши, 10 - кылымда ислам математикасынын генийи Эбу Рейхан Аль - Бируни эле.
Бирунинин илимий мурасы кылымдар бою илимпоздор менен математиктердин шыктандыруучу булагы болуп, анын ысымы бүгүнкү күнгө чейин урмат-сый менен эскерилип келет.
Белгилүү тажик илимпоз Бобожон Гафуров 1975 - жылы ЮНЕСКОнун «Курьер» журналында жазган макаласында Бируни жөнүндө: «Ал өз доорунан алдыга озгон жана анын ачылыштары өз доорунун көпчүлүк окумуштууларына түшүнүксүз болгон»,- деп мүнөздөгөн. Илим тарыхы дисциплинасынын негиздөөчүсү Жорж Сартон 11-кылымды Бируни доору деп атаган.
Бируни сыяктуу окумуштуулар көпчүлүк илимий жана математика билими арапчага которулган учурда дүйнөгө келди. Белгилүү бир жашка келгенде башка цивилизациялардан жана кылымдардан аалымдар тарабынан чыгарылган түшүнүктөр менен таанышты. Бируни вавилондуктардын, римдиктердин илимий адабиятынан астрологияга чейин көптөгөн тармактарда сабак алган. Исламдын алтын доорундагы бардык мусулман аалымдары сыяктуу ал да илимге кызыккан.
Түрк профессору Фуат Сезгиндин айтымында, 27 жаштагы Бируни менен 18 жаштагы Ибн Синанын ортосунда интеллектуалдык жактан катуу талкуулар болгон. Эки улуу акылдын «Жарыктын таралышы жана өлчөлүшү» темасын терең талкуулашкандары белгилүү. 2018-жылы каза болгон Сезгин бул талкуулардын сапатынын өзгөчө экендигине ал түгүл азыркы күндө да бул деңгээлге жете электигине ишенет.
Сезгин бул тарыхый талкуулардын кээ бирлеринин мазмунун изилдеп жатып, эки окумуштуунун жылуулук жана нурлар тууралуу пикир алмашкандарын айтты. Эки илипоз да ушуга окшогон жыйынтыкка барышкан : жылуулук кыймыл менен муздактын эс алуу менен пайда болорун жана ушул себептен Жер Эквадордо ысык, уюлдарда суук. Талкуулашкан башка бир тема да Күндүн нурунун жайылышы эле. Бируни нур менен жылуулукту материалдык эмес нерселер катары көрүп, жылуулук нурларда бар деген көз карашты алдыга койгон.
Ибн Сина дагы да алдыга кетип, жылуулуктун өзүнөн-өзү жайылбагандыгын, тескерисинче, күндүн нурларынын аларды кыймылдап бараткан кемеде отурган адамдай алып жүрөрүн айткан.
Немис тарыхчысы Макс Мейерхоффтун айтымында, Бируни, дүйнөлүк урмат сыйга ээ болгон мусулман аалымдар коомунун балким да эң алдыңкы ысымдарынан жана көптөгөн түрдүү тармактарга кошкон салымы ага «Устат» » наамын алып келген.
Дүйнөнүн радиусун кандай эсептегенине кайта турган болсок көңүлдөрдү бурган ийгилигинин бул экендигин айта алабыз. Биринчиден Пакистандын Пенжап облусундагы Нандана чебине жакын бир дөңсөөнүн бийиктигин өлчөдү. Андан кийин гаризонтту өлчөө үчүн дөңсөөгө чыкты. Тригонометриялык жана алгебралык теңдемелерди колдонуу менен 3928, 77 англис милине барабар санды чыгарды; бул да жердин учурдагы радиусу менен 99% туура келет.
Бируни эсептөөлөрүнө таянып, жердин Күндүн айланасында айлануу ыктымалын да ойлоно баштайт жана бул ал мезгилдин аалымдары көрбөстүккө сала турган бир пикир эле. Бирок Бируни өзүнүн логикасына жана инстинктине ишенгендиктен, Күн, Күндүн кыймылы жана тутулуусу жөнүндө кенен жазган. Өзгөчө астрономиялык аспаптарды ойлоп таап, кеңдик менен узундуктун так эсептөөлөрүн жүргүзүп, жердин бир октун айланасында кандайча айланарын түшүндүргөн. Ал өзүнүн теорияларын жана байкоолорун «Эль-Асару'л-Бакыйе» китебинде жазган. Ошондой эле биздин замандын 1000-жылында тактап айтканда Христиан доору деп да билинген мезгилде календарь системасынын кандай ишке ашкандыгына байланыштуу изилдөөнү жазды.
Өзгөчө багыттарды табуунун түрдүү жолдорун тапты жана мезгилдердин башталыштарын толугу менен белгилөө үчүн математикалык техникаларды чыгарды.
Бируни 1019 - жылы 8 - апрелдеги Күндүн тутулушун жана 1019 -жыл 17 - сентябрдагы тутулушун байкоого алды. Биринчисин Кандахар жана Кабул шаарларынын арасында тоолор менен курчалган бир өрөөн болгон Ламгханда көрдү. «Күндүн чыгышында күндүн үчтөн бир бөлүгүнун тутулгандыгын жана тутулуунун азайгандыгын көрдүк»,- деп жазат Бируни.
Газнедеги Айдын тутулушун байкады жана биринчи байланыш учурунда билинген жылдыздардын толук бийиктигине байланыштуу так маалыматтарды берди. Өзгөчө саманчынын жолу сансыз булут сыяктуу жылдыз бөлүкчөсүнөн турган бир коллекция катары аныктады.
1934-жылы Рамси Райт которгон «Китабүт – Тефхим фи Сыбаатит- Тежүм» ("Kitabü't-Tefhim fi Evaili Sıbaati't-Tencim") аттуу китебинде математика жана астрономия боюнча изилдөөлөрүн жыйынтыктаган.
Бирунинин физикага кошкон салымы он сегиз элементтин жана кошулмалардын, анын ичинде булактардын жана көптөгөн металлдардын жана асыл таштардын салыштырма салмагын так аныктоо боюнча изилдөөлөрдү камтыйт. «Китабүл – Жемахир» аттуу китебинде түрдүү баалуу таштардын өзгөчөлүктөрүн жазган. Андан тышкары бурчтарды жана тригонометрияны изилдөөдө да жол башчы болгон. Тегерек көлөкөлөр жана нурлардын үстүндө иштеп, бурчту үчкө бөлүү үчүн ыкманы иштеп чыккан. Ал позициянын принцибине кеңири токтолуп, Индия цифраларын да изилдеген.
Геология жана география тармактарында геологиялык жарылууларга жана металлургияга салым кошкон. Жаратылыш ресурстарынын жана артезиандык скважиналардын иштешин, байланыш кемелеринин иштешин гидростатикалык принцип менен түшүндүрдү. Илимий изилдөөлөрүнүн негизинде аны геодезиянын негиздөөчүсү деп аташкан.
Бирунинин өмүр
Хорезмде төрөлүп, 973 – 1048 – жылдарынын арасында жашаган. Жаш кезинде кичи мекенин таштап, Иран менен Өзбекстанды кыдырган. Кийинчерээк Газнелик Махмуддун Бухара эмирлигин басып алгандан кийин, газневилер династиясынын борбор шаары болгон жана бүгүнкү Афганистандагы Газнеге жайгашты.
Бируни Индияны да башкарган атактуу мусулман король болгон Махмуд Газнави жана анын уулу Султан Месуд менен болгон жакын мамилеси менен белгилүү. Анын илимине жана атак-даңкына суктанган Султан Махмуд Газневи Индияга болгон сапарында Бирунини бир нече жолу алып барды. Бируни 20 жыл бою Индиянын көп жерлерин кыдырды жана пундиттерден индус философиясы, математика, география жана дин сабактарын алган. Ал эми аларга грек жана мусулман илимдерин жана философиясын үйрөткөн.
Бируни исламдык окууну илимий билимдин негизи катары көрүп, илимге болгон умтулуусун төмөнкүчө жыйынтыктаган : «Астрономия жана геометрия тууралуу изилдөөдөгү жана физикадагы тажрыйбаларым мага чексиз күчкө ээ пландоочу акылдын болушу керектигин көрсөттү. Астрономиядагы ачылыштарым ааламда таза физикалык жана материалдык себептер менен түшүндүрүлбөгөн жаратуучу күч бар экенин көрсөттү."
Ал эч качан эмгектерин : атактуулук, кадыр - барк же материалдык киреше үчүн каражат катары колдонгон эмес. Султан Месуд ага энциклопедиялык чыгармасы «Ел - Канунүл - Месуди» үчүн үч төөгө жүктөлгөн күмүш теңге жибергенде Бируни королдук белекти : «Илим үчүн билимге кызмат кылам, акча үчүн эмес»,- деп кайра кайтарат.