1897- жылы апрель айында грек бөлүктөрү Осмон империясынын чек арасынан өтүп кол сала баштаган. Ушундан улам Осмон империясы согуш жарыялап, Эдхем пашанын командирлигиндеги армияны мобилизациялады. Осмон армиясы Чаталжа, Йенишехир, Дөмеке жана Яня сыяктуу фронттордо грек аскерлерин жеңди. Грек армиясынын күтүүсүз жерден ылдам чегинүүсү Европа мамлекеттерин аракетке өткөрдү.
Европа мамлекеттеринин ортомчулугу менен башталган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 1897-жылы 4 - декабрда тынчтык келишимине кол коюлду. Келишим боюнча Греция Осмон империясына согуштук компенсация төлөп берүүнү кабыл алды. Осмон армиясы согушта басып алган Фессалия болсо айрым кичинекей чек ара өзгөртүүлөрү менен Грецияга кайтарылды.
1897 – жылдагы Осмон - Грек согушу Осмон империясынын акыркы аскердик жеңиштеринин бири катары тарыхка өттү. Бирок бул согуш ошол эле учурда Осмон империясы бетме - бет келген кыйынчылыктарды жана Европа мамлекеттеринин кийлигишүүлөрүн да ортого салды. Эгей деңизи жана арал маселеси сыяктуу маселелер азыркы күндө да Түркия менен Грециянын ортосундагы карым - катнаштарда маанилүү бир орунду алууну улантууда.